Ирандагы нааразылык акцияларында 36 адам өлдү

Махса Амининин сүрөтүн кармаган демонстранттар. Иран.

Ирандагы адам укуктарын коргоо борборунун (ICHRI – Iran Center Human Rights) маалыматында машстабдуу нааразылык акцияларында өлгөндөрдүн саны кеминде 36га жетти. Расмий Тегеран каршылыктарда 17 адам мерт болгонун, анын ичинде бешөө коопсуздук кызматкерлери экенин тактады. Жүздөгөн адамдар жабыркады.

13-сентябрда Тегеранда адеп-ахлак полициясы көчөдө хижабсыз жүргөнү үчүн деген негизде кармап кеткен 22 жаштагы студент кыз Махса Амини абакта каза болгону 16-сентябрда кабарланган. Полиция ал жүрөгү кармап көз жумганын маалымдаган, бирок күбөлөр полиция аны катуу сабаганын айтып беришкен.

Буга байланыштуу нааразылыктар өлкөнүн 80 шаарларында тутанып, полиция менен кагылышууларда кеминде тогуз адам өлдү. Анын ичинде укук коргоо кызматкерлери да бар экени айтылды. Акция алты-жети күндөн бери уланууда.

Аялдар жоолуктарын чечип ыргытып, чачтарын кесип жатышат. Демонстранттар арасында өлкө лидери, аятолла Али Хаменеинин атына каршы “Хаменеи кулатылат!” жана “Диктаторго өлүм!” деп ураан чакыргандар да болуп жатат.

Amnesty International уюму митингчилерди таратуу үчүн чогулгандарга желимден жана металлдан жасалган чачыратма шарлар атылып жатканын, көздөн жаш агызуучу жана суу атуучу нерселер менен атылып жатканын билдирүүдө. Интернетте тараган видеолордо полициянын бөлүмдөрү жана машинелери өрттөлүп жатканы да көрүнүп жатат. Нааразылыктарда ондогон адам кармалды.

Ирандын бийлиги Махса Амининин өлүмүн иликтөөгө убада берип жатышат. Аткаминерлер нааразылык акцияларын уюштурууга башка мамлекеттерди жана чет жакта жүргөн оппозицияларды айыптады. (ErN)

Дагы караңыз

Кыргызстандын ТИМи Орусияда мобилизация кимге тиешелүү экенин түшүндүрдүИИМ: Баткенде айрымдар үйүнө кайта баштадыБаткен районунун акими абал салыштырмалуу туруктуу экенин билдирдиКыргызстандын жарандыгы 1790 адамга берилдиБишкектеги "Баткенге жардам" штабы жабылды