24-сентябрдын аба ырайы

24-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 26…31;

Талас жергесинде түнкүсүн 6…11, күндүз 24…29;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 12…17, күндүз 27…32;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 20…25;

Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 21…26;

Бийик тоолордо түнкүсүн 0…-5, күндүз 5…10 градуска чейин жогору болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 14…16°, күндүз 29…31° чейин жогорулайт.

Дагы караңыз

ИИМ 20дай адам Интернеттеги жазгандары үчүн милицияга чакырылганын билдирди АКШда Блинкен менен Кулубаев кызматташууну талкуулашты Көкбөрү жана алыш Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына расмий мелдеш катары кирдиЧек ара: Баткенде 613 үй зыян тартканы аныкталды