Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:31

АКШда Блинкен менен Кулубаев кызматташууну талкуулашты


Блинкен жана Кулубаев. Сүрөт Твиттердеги @SecBlinken баракчасынан алынды.
Блинкен жана Кулубаев. Сүрөт Твиттердеги @SecBlinken баракчасынан алынды.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Нью-Йоркто жолугуп, аймактагы тынчтык, кызматташууну талкуулашты.

22-сентябрдагы жолугушуу жемиштүү болгону тууралуу Блинкендин катчысынын Твиттердеги расмий барагына жарыяланды.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлагандай, Кулубаев кыргыз-тажик чек арасындагы окуя тууралуу маалымат берди. Блинкен чек арадагы кырдаалга тынчсыздануусун билдирип, тынчтыкка жана туруктуулукка дипломатиялык жол менен жетишүү маанилүү экенин белгиледи.

Алар Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы эки тараптуу жана аймактык платформаларда, анын ичинде "Борбор Азия + АКШ" кызматташтыгын чыңдоону сүйлөшүштү.

Кыргызстан менен АКШнын өкмөттөрүнүн кызматташтыгы тууралуу макулдашууга 1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган. Бул документти кыргыз өкмөтү 2015-жылдын 21-июлунда бир тараптуу денонсациялаган.

Жаңы макулдашуу даярдалып жатканы төрт жылдан бери айтылууда, бирок ага кол коюла элек. (SE)

XS
SM
MD
LG