Украинанын орус аскерлери көзөмөлдөгөн Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарында Орусияга кошулуу үчүн жикчил топтор уюштурган референдум башталды. Эки аймакта жикчилдер “Луганск Элдик Республикасы” жана “Донецк Элдик Республикасы” деп аталган түзүмдөрдү түзүп алышкан, калган эки аймакты 24-февралдан кийин орус армиясы басып алган.
Добуш берүү 23-сентябрдан 27-сентябрга чейин уланат. Алгачкы төрт күндө тургундар үйлөрдүн кире беришинде жана турак жайлардын короосунда бюллетендерди атайын кутучага салышат. Акыркы күнү добуш берүү атайын добушканаларда өтөт.
Оккупациялык бийлик бул чечимди жашоочулардын коопсуздугу менен түшүндүрүүдө, көпчүлүк жарандарга фронттук линиянын жанындагы конуштарда добуш берүүгө туура келет. Добуш берүү тилкелери Орусияда да ачылды.
Референдумдардын алгачкы жыйынтыктары добуш берүү аяктагандан бир-эки сааттан кийин жарыяланганы турат. Басып алынган аймактарды аннексиялоо “Орусия Федерациясынын жаңы субъектисин түзүү жана кошуу” деп аталган мыйзамдын негизинде ишке ашат. 2014-жылы Крым жарым аралы аннексияланган учурда да ушул мыйзам колдонулган.
Орусия быйыл февралда көз карандысыз мамлекет катары тааныган Луганск менен Донецкинин жашоочуларына бюллетенде “Орусияга кошулууну каалайсызбы?” деген суроо коюлган. Херсон жана Запорожье аймактарынын тургундарына “Украинанын курамынан чыгып, облусту өз алдынча мамлекет түзүүгө жана Орусия Федерациясынын курамына субъект катары кирүүсүнө макулсузбу?” деген суроо берилет.
Басып алынган аймактарда референдум өткөрүү 2014-жылы Крымдагы референдум сыяктуу эле Орусиянын жана Украинанын мыйзамдарына каршы келет. Орусиянын мыйзамдарына ылайык, референдумдарды демилгелөө жана өткөрүү кеминде төрт ай мурда жарыяланышы керек. Орусия көзөмөлдөп турган Украинанын аймактарында референдумдар 20-сентябрда эле жарыяланган. Иш жүзүндө бардык процедура болгону үч күндө аяктады.
Жикчилдер жана орус аскерлери аталган төрт облустун бардык аймагын эмес, көпчүлүк бөлүгүн гана ээлеп турат. Калган бөлүктөрү Украинанын көзөмөлүндө жана согуштук аракеттер дале уланууда.
Расмий Киев бул референдумдар мыйзамсыз экенин, анын жыйынтыгын тааныбай турганын билдирди. Алар Орусия бул добуш берүүлөрдү украин тараптын контрчабуулуна жооп кылып өткөрүп жатат деп эсептейт. Украинанын Конституциясына ылайык, өлкөнүн аймактарын өзгөртүү бүткүл элдик референдумда гана чечилет.
АКШ жана Батыштагы башка өлкөлөр Орусия басып алган аймактардагы жасалма референдумдарды тааныбай турганын билдирген. (ErN)