Кыргыз тилинин мамлекеттик макамга ээ болгонуна 33 жыл толду

Кыргыз тили мамлекеттик макамга ээ болгонуна 33 жыл толду. 23-сентябрь 1989-жылдан бери өлкөдө Кыргыз тили майрамы катары белгиленет.

Быйыл социалдык желедеги ири аянтчалардын бири - Фейсбукка кыргыз тили кошулуп, жөндөөлөр жана маалыматтар кыргызча да жазыла баштады. 2015-жылы кыргыз тили Google котормо платформасына кошулган.

2020-жылдын 1-октябрында Кыргызстанда 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасы бекитилген. Аны ишке ашыруучу каражат 237 550 000 сомду түзөт. Анын ичинде 2022-жылга - 86 575 000 сом, 2023-жылга - 71 425 000 сом, 2024-жылга - 41 025 000 сом, 2025-жылга - 38 525 000 сом каралганы Юстиция министрлигинин сайтына жазылган.

1989-жылдын 23-сентябрында Кыргызстанда мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзам кабыл алынган. Кыргыз тили - мамлекеттик, ал эми орус тили - расмий деген макамга ээ. Жарандык коом өлкөдө кыргыз тилине көңүл жакшы бурулбай, мекеме-ишканалардагы кагаз иштери негизинен орус тилинде жүргүзүлөрүн, жыйындар орусча болорун сындап келет.

Мамлекеттик тилди өнүктүрүүдө көйгөйлөр бар экенин бийлик башындагылар да четке кагышпайт, бул маселе парламентте да утур-утуру көтөрүлөт. (SE)

Дагы караңыз

Мамлекеттик тилге мамиле: өз үйүндөгү чоочундарКыргыз тилинин сакталбаган эрежесиЖонунан кайыш тилинген кыргыз тилиКыргыз тилин кантип илимдин тилине айлантабыз? Так иштеп, таза сүйлөгөн Ташбоо ага...Көз жетпеген жерге сөз жетерМамлекеттик тилге камкор мамиле керекКыргызча күн аттары кайдан келген?