Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:31

Мамлекеттик тилге мамиле: өз үйүндөгү чоочундар


Журналист Абдумомун Мамараимовдун "Мамлекеттик тилге мамилени өзгөртөлү" деген аталыштагы макаласынын уландысын сунуштайбыз.

Ушул кезге чейин эне тилин билбеген же өз тилинде жакшы сүйлөй албаган кыргыздар аз эмес. Аларды эл арасында "киргиздер" же "маңкурт" атап алышкан.

Чындыкты айтыш керек, ушул "киргиздер" негизинен билимдүү, маданияттуу жана тарбиялуу адамдар. Алар тарых-таржымалын жакшы билишет, бизнесте, илимде, техникада, спортто, дагы башка тармактарда ийгилик жаратышкан. Алардын айыбы эмнеде?

Угушумча, совет мезгилинде борбор шаар Фрунзеде (Бишкек) жалаң кыргызча окуткан жана окутуу өзбекче жүргөн бирден мектеп болгон. Калган мектептердин баарында орус тилинде билим берилген. Башкача айтканда, коңшу республикалардын жетекчилеринен айырмаланып, Кыргыз ССРинин жетекчилери эне тил тагдырына анчалык деле көңүл бурушкан эмес. Орус тилинин статусу ушунчалык көтөрүлгөндүктөн кыргыздар өз эне тилинде сүйлөгөндөн уялып калышкан. Ушинтип отуруп “кыргызча” дегендин өзү артта калуучулук катары кабылдана баштаган. Бул стереотип азыр деле бар. Мен ага көп эле жолу күбө болдум.

Эгемендиктин алгачкы жылдарында совет кезиндеги катачылыкты жоюш үчүн борбор шаарда кыргыз мектептерин ачып, орусча мектептерди аралаш окууга өткөрө башташты. Усулдук, материалдык-техникалык базанын, компетенттүү кадрлардын жетишсиз экенине карабай. Жыйынтыгы баарыбызга белгилүү, ата-энелер балдарын кайрадан орус мектептерге берүүгө өтүштү. Совет кезиндеги жетекчилерди канча сындасаң да аз. А бирок андан берки 30 жыл жагдайды жакшы жагына буруу үчүн аздык кылдыбы?

Мамлекеттик тилди сактоо жана өнүктүрүүгө куштар инсандар күнөөлүүнү адатта сырттан издешет. Алардан ушул кезге чейин башкалар “бизди сыйлашпайт”, “тил үйрөнгүсү келбейт” деген кинелерди угууга болот. Ошол эле кезде, маселен, өлкөнүн түштүгүндө кыргызча билбеген бир да өзбек калган жок. Алар кыргызча сүйлөшөт, диний китептерди, гезиттерди окушат, ТВдан кинолорду көрүшөт, өз ара тамаша айтышат. Өзбек жаштарынын арасынан кыргыз тили жана адабияты факультетине кирип окугандар көбөйдү, мектептерде кыргыз тилинен сабак бере баштагандары бар. Жакынкы аралыкта көпчүлүк өзбек жаштары айрым кыргыздарга караганда кыргыз тилинде таза сүйлөп, мыкты жазып калышса мен эч таң калбайм.

Биринчи макаланы бул жерден окуңуз:

Өлкөдө кыргыз тилин мыкты билген башка улут өкүлдөрү да көбөйүп баратат. Алар айрым кыргыздарга салыштырмалуу чынында эле мамлекеттик тилди мыкты билишет. Ошолордун бири да кыргыз тилин бирөөдөн коркконунан же мыйзам талабын аткарыш үчүн үйрөндү деп ойлобойм. Алар бул тилди өз ара достук, сый-урмат себеп, жердештерин сүйгөндүктөн үйрөнүштү. Кыргыз тили алардын достору, кесиптештери же жөн эле жакшы адамдардын аларга көрсөткөн адамгерчилиги, сый-урматы, мээрими менен кошо кандарына сиңип кеткен.

Бул сезимдер эки тараптан тең болушу керек.

Тилин кадырлабаган калкын сүймөк беле

Мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө тоскоолдук кылган факторлордун бири – аң-сезим, аң-сезимдин түпкү деңгээлинде (подсознание) бекем орун-очок алып калган стереотип. Ал орусча билген адам гана “билимдүү”, “маданияттуу” деген ишеним.

Азыркы Кыргызстандын калыптанышында жана өнүгүшүндө орус тили чечүүчү ролду ойноду. Анан да Жер планетасынын илимий, рухий-маданий мурасынын бир тобу орус тилинде жаралган, алардын кыйласы ушул тилге которулган. Андыктан дүйнөлүк тилдердин бири эсептелген орус тилин билүү жөн эле зарылдык. Орус тили азыркы илим менен техниканын, технологиянын тили. Бирок ушул кезге чейин дүйнөдө адамдын эне тилинин ордун баса алчу тил ойлоп табыла элек.

Бүгүнкү күндө кыргыздарда, мейли ал парламентте сүйлөп жаткан депутат же сыраканада көбүк черткен суусундукту ууртап, жайма-жай сүйлөшуп отурган киши болсун, оозунан “орусча мындай деп койот” деген ашмалтайы чыккан сөз курулмасын учуратууга болот. Андан ары кыргызча жакшынакай эквиваленти бар сөздүн же терминдин, болбосо кайсы бир сүйлөмдүн орусчасы айтылат.

Тээ алыскы айыл башчысынан тартып президент менен спикерге чейин, министрлер, анан да базарда отурган жайма базарчыга чейин кыргызча сүйлөп атып арасынан орусча сөз кошмой адат болуп калган. Же эки тилди да капа кылбай “через Ош аркылуу...” деп да коёбуз. Тилдин баркын көтөрүп, ага деген сый-урматты калыптандырууда өлкө башчыларынын, элитанын мисалы чоң мааниге ээ. Бирок алардын тил жөнүндө ойлонууга убактылары жетишпейт окшойт.

Дагы бир кызык жагдай, райкеңеште иштеп жүргөндөгү байкоомдон улам эске түшүп атат. Кайсы бир маселени телефондон кыргызчага караганда орусча айтканың угуп жаткан адамга күчтүүрөк таасир кылат тура. Муну азыр, бетме-бет сүйлөшүп жатканда деле байкоого болот. Маршруткада баратып айдоочуга же кайсы бир мамлекеттик мекемеге киргенде кыргызча кайрылсаң, сага ыңгыранып жооп бергиси келишпейт. Эгер орусча кайрылсаң башкача мамиле, башкача жооп. Ошондон совет кезиндеги “мен сага орусча айтып атам” деген зекүү биздин аң-сезимибизде азырга чейин отурат окшойт.

Биз алиге чейин тилибиздин тазалыгы үчүн күрөшүү зарылдыгын аңдай элек окшойбуз. Же тетирисинче, кээде күрөшүүнүн радикалдуу ыкмасына өтүп алабыз, “жакпаса өзүңүн жериңе кетпейсиңби...” деп беттен алабыз. Бул жагынан англистердин мисалы көңүлгө аларлык. Жаамы дүйнө англис тилинде сүйлөп жаткан кезде алар тили жөнүндө камтама болушпаса деле болмок. Бирок андай эмес. Жөнжай сүйлөшүп отурганда деле кайсы бир сөздү туура эмес айтып койсоң жаныңдагы англис тууралап коёт. Катаңды сылык-сыпаа түшүндүрүп, англис тилин үйрөнүү аракетиңди мактап, чын дилден жардам көрсөткүсү келгенин билдирет.

Бизде мамлекеттик тилдин көтөрүлбөй жатышынын негизги себеби - башкаруучуларыбыздын, окумуштуу лингвисттерибиздин, көркөм өнөр, адабият ишмерлеринин кыргыз тилин сыйлап, анын ажайып кереметин жана мүмкүнчүлүктөрүн жеке өзүнүн мисалында жалпыга көрсөтүп бере албагандыгында. Түрк адабий тилинин негиздөөчүсү, даанышман ойчул, акын жана үлкөн коомдук ишмер Алишер Навоинин “Тилине көңүл бурбаган элинин да кадырына жетпейт” деген белгилүү таамай сөзү бар. Ушул сөз мамлекетибизде кыйладан бери болуп жаткан ачуу реалдуулукту айгинелеп тургандай. Бул жөнүндө кыргыз эл акыны Байдылда Сарногоев да таамай айтып койгон: “Эне тилин сүйбөгөн, элин сүйүп жарытпайт”.

Тилди саясий күрөштүн куралына айлантпагыла

Тилекке каршы, Кыргызстанда тилди саясий курал катары пайдалануу эчак эле башталган. Азыр да уланууда.

Жаңылып калышым мүмкүн, бирок Кыргызстандын жетекчилеринин арасынан Аскар Акаевдин эне тилине, мамлекеттик тилге мамилесин атайын белгилеп көрсөтүүгө болот. Көп жылдар бою Орусияда, орус тилдүү чөйрөдө жашап-иштеп калгандыгына карабай, президент болуп шайлангандан кийин кыска убакыттын ичинде эне тилин кайра тургузуп, кыргыз тилинде мыкты сүйлөп, жазууга жетишти.

Курманбек Бакиев бийликке келгенде мамлекеттик тилге мамиле башкача кетет деген ой пайда болду. Бирок андай болгон жок. Аны саясий күрөш катары колдонуу ошол кезде кайра күчөдү десек болот. Бул жааттагы жарамсыз саясаттын бир көрүнүшү катары ошол кезде Коомдук биринчи каналга чыккан эки учур эске келет. Биринчи берүүдө Курманбек Бакиевдин өкмөт башчысы, орус тектүү Игорь Чудиновду кабыл алып, ага кыргызча сүйлөгөн. Президенттин сөзүн Чудинов түшүндүбү же жөн эле башын ийкеп отурдубу, анысы белгисиз. Бирок бул көрүнүш бийликтин мамлекеттик тилдин статусун көтөрүүгө багыт алганына даана белги болчу. Анан эмне болду? Эки-үч күндөн кийин ошол эле Бакиев Бишкек шаарынын башчысы Нариман Түлеевди кабыл алып, аны менен орусча сүйлөшүп отурат.

Ал кездеги жарамдуу иш катары башка этностордун белгилүү өкүлдөрүнүн кыргызча мыкты сүйлөгөнүн көрсөтүү болчу. Бул мыкты жаңылык эле. Бирок жакшы иштин да чеги болсо жакшы экен. Өлкөнүн телеканалдары ошол кезде кыргызча макалдатып сүйлөгөн, келиштире ырдаган эстрадалык ырчы Юрий Бобковду кайра-кайра көрсөтүп туруп алды. Мындайда тажап да кетесиң да. Албетте, бул көрүнүштө Кыргызстандын эл артисти, мен сыйлаган Юрий Иванович Бобковдун күнөөсү жок.

Кезинде жаш, анан да курч саясатчы Адахан Мадумаров кыргыз тилинин проблемаларын көп көтөрүп чыкчу. Айрыкча оппозицияда жүргөндө. Мисалы, бир кездерде ал мамлекеттик гимндин текстиндеги кээ бир “туура эмес” сөздөрдү сындап, аларды өзгөртүү керек деп чыккан. Кийин ал мамлекеттик катчы, парламент спикери болду, мындай маселелерди чечүүгө мыйзамдуу ыйгарым укуктарды алды, бирок аларды кайра көтөргөн жок.

Кыйла жылдык күрөштөн соң Мадумаровдун партиясы парламентке келди. Эми ал партиялаштары менен бирге мамлекетте топтолуп калган проблемаларды, анын ичинде мамлекеттик тил маселесин чечүүгө да болгон күчүн, тажрыйбасын жумшайт деген үмүт бар. Эгерде азыркы бийлик өзүнүн саясый эрк, данышмандыктан кур эмес экенин көрсөтүп, парламентте Мадумаров сыяктуу күчтүү оппоненттин отурушуна макул боло алса. Бирок, азырынча Адахан Мадумаровдун саясий карьерасынын эртеңи будөмүк болуп турат.

Ушул жерде ата мекендик саясаттын аксакалы, убагында күч кызматтарын жетектеп, “Темир Феликс” атка конгон генерал Феликс Кулов тууралуу кеп кылбай койсок болбой калар. Кыргыз тилин билбейт деп аны канча ирет сынга алышты. Аскар Акаевдин тушунда аны абакка отургузушканда калбаатынан жазбаган генерал “түрмөдө эне тилимди үйрөнгөнгө мүмкүндүк болот” деген. Бирок үйрөнгөн жок. Анан кийинрээк бул кемчилигин түзөдү окшойт, азыр түзүк эле сүйлөп калды.

Баарынан кызыгы тил маселесине келгенде жарандык коом өкүлдөрүнүн арасында да популисттер жок эмес экен. Мындан 8 жыл илгери Бишкектеги Egalitee конфликттерди башкаруу агенттигинин башчысы Татьяна Выговская “Азаттык” радиосундагы маегинде методика же окуу китептеринин жоктугун шылтоо кылып мамлекеттик тилди үйрөнгүсү келбегендерди “калпычылыкта” күнөөлөп, катуу сынга алган. Ага улай, “кыргыз тилин мажбурлап үйрөтүүгө мезгил жетти” деп билдирген. Ошондо бирөөлөр ага жинденди, башка бирөөлөр бул айымды мактап, улуттук баатырга чыгарды. Бирок “мен азыр кыргыз тилин үйрөнүп жатам”, деген Татьяна айым көп өтпөй Кыргызстандан көчүп кетти.

Дагы бир ирет тилге карата мамиле тууралуу

Мамлекеттик тил күнү адатта капыл-тапыл уюштурула калчу иш-чараларды өткөрөбүз. Андай иш-чаралардын негизги жүгү, албетте, кыргыз тил мугалимдерине туш келет. Ошону менен кийинки жылга чейин проблема унутулат.

Жалал-Абадда иштеп жүргөнүмдө мамлекеттик тил мыйзамынын 10 жылдыгына карата жалпыга маалымдоо каражаттарынын арасында конкурс жарыяланган. Облуста мен иштеген, өзбек тилинде чыкчу гезитте бул темага арналган мыкты материалдар өтө көп жарыяланыптыр. Башка коллегаларыбыз материалдардын саны боюнча да артта калып кеткен. Материалдарды карачу комиссия биринчи орунду эч кимге бербей, экинчи орунду биздин гезит менен облустук телерадиокомпанияга ыйгарган. Ушундай мамиле.

Борбордук шайлоо комиссиясында иштеп жүргөн кезимде (2010-2011-жылдар) бир топ убакытка чейин журналисттер менен мамлекеттик тилде сүйлөшө турган адам таппай кыйналганбыз. Болбосо, БШК мүчөлөрүнүн теңинен көбү кыргыздар болчу. Айла жок, орусча, кыргызча билген киши катары теле экрандардан түшпөй калгам ошондо.

Бир ирет Коомдук биринчи каналга маек берер алдында журналисттерге айрым терминдердин кыргызчасын тактап алыш үчүн Шайлоо кодексин карап алайын деп сурандым. Журналист кыз "кыргызчасын билбесеңиз орусча эле айта бериңиз" дейт. Мен ага маектешип аткан адамыңарды аргын тилде сүйлөтпөгүлө, бир тилде, айрыкча мамлекеттик тилде таза сүйлөөсүн талап кылгыла десем, ал кыз мындайды бизге иште эч ким айтпайт деген.

Ушу тапта республикада илимий эмгектердин 95% расмий тилде жазылып, ошол тилде корголушу көпчүлүккө белгилүү. Парламент менен өкмөттө мыйзам долбоорлору орусча даярдалып, зарылчылык болгонда гана кыргыз тилине которулат. Котормонун сапаты эми өзүнчө тема...

90-жылдары Кылмыш кодекси кыргызчага ушунчалык начар которулгандыктан Башкы прокуратура тийиштүү органдарга ал котормонун негизинде иш алып барууну токтотуу тууралуу атайын кат жолдогон. Бул жерде кеп мыкты котормочулардын жоктугунда эмес, котормону айрым жоопкерсиз аткаминерлер билими чабал, бирок “өзүнө караштуу” кишилерге берип таштагандыгында. Маселе дагы эле мамлекеттик ишке, тилге карата мамиленин начарлыгына барып такалууда.

Кыргызстандын түштүгүндөгү кыргыз тааныштарыма же досторумдун үйүнө барганда алардын көбү коңшу Өзбекстандын телеканалдарын көрүп отурушканын байкайм. Ошондуктан кыргыз балдардын оозунан биз өзбектер да сейрек пайдаланчу өзбек адабий тилиндеги сөздөрдү угуп таң калбайм. Айрым кыргыз жаштары өзбектин мыкты актёрлору менен ырчыларын мага караганда жакшы билишет. Буга таңдануунун кереги жок, маданияттар ушинтип оошот. Бирок аткаминерлер, депутаттар, өлкөнүн элитасы деген азаматтар коңшу өлкөлөрдүн басымдуулук кылып жаткан маданиятына альтернатива таба алышпаса, бир эле өлкөнүн эки аймагы эки башкача менталитетке ээ экендигине таң калышпаса деле болот.

Классикалык суроо: Эмне кылуу керек?

Олчойгон суроону алдыга жайып, айткым келип жаткан кептерди бийликтегилер менен саясатчылар деле билишсе керек. Болгону тартынбай алга чыгып, кардиналдуу, реалдуу ишке өтүү мезгили жетти.

Биринчиси, мамлекеттик тил мыйзамын түп тамырынан кайрадан карап чыгуу зарыл. Мыйзам тилди мажбурлап үйрөтүүгө багытталбай, тилдин кадыр баркын көтөрүүгө, аны үйрөнүүгө калкты кызыктырып, дем берип, шыктантчу деңгээлге чыгарып, аны үйрөнүү керектөөгө айланышына шарт түзүп берүүсү зарыл. Ана ошол муктаждыкты канааттандырууга шарт түзүү керек.

Ар кыл этникалык топтордун өз тилдерин колдонуусуна жасалма тоскоолдорду коюп, аларды чектөөгө мыйзам чегинде тыюу салуу керек. Тетирисинче, мамлекет алардын тилин, маданиятын сактоого жана өнүктүрүүгө шарт түзүшуү жардам бериши зарыл. Биздин тилдерибиздин, маданият жана каада-салттарыбыздын ар түрдүүлүгү опсуз байлыгыбыз, керек болсо өлкөбүздүн кубаты, кудурети эмеспи.

Мыйзам долбоорунун авторлору өз алдына өлкөдө жашаган калктардын баарын кыргыздаштыруу максатын койгон эместир деп ойлойм (глобалдашуу доорунда андайга жетишүү да мүмкүн эмес). Алар да мамлекеттик тилдин баркын көтөрүп, коомдогу ордун аныктоо максатын алдыга койгон болуш керек деп ойлойм жана өзүмдүн пикирлерим менен бөлүшүп жатам. Мамлекеттик тилди Кыргызстандын көп улуттуу калкы өз эне тилиндей, жаамы элдик таберик, жан дүйнөсүнүн мүлкү катары кабыл алышы үчүн, аны турмуштун бардык тармактарында кынтыксыз кызмат кылган каражат деген макамга жетиши үчүн мен төмөндөгү сунуштарды алдыга жаяр элем.

Негизгиси, илимий-практикалык жактан негиздүү иштелип чыккан Улуттук концепция кабыл алынып, ал төмөндөгүлөрдү да камтышы керек:

  • Бюджеттен тилди өнүктүрүүгө жетиштүү каражат бөлүнүшү керек, анын көлөмү мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнө пайыздык жагынан теңдеш болуп, бюджеттин кирешеси өскөндө ал да жогорулап турсун. Бөлүнгөн каражат натыйжалуу милдеттерди аткарууга жумшалышы тыкыр көзөмөлдөнүп турушу зарыл. Бир түстүү, кожо көрсүнгө гана уюшулчу иш-чараларга, “иштеп турсун” үчүн гана келген, пайдасы жок кызматкерлерге жөн эле акча коротууну токтотуш керек.
  • Мыкты материалдык-техникалык базага ээ болгон Кыргыз тили жана адабияты институтун түзүү зарыл. Ал аты улук, супурасы курук академия же университет эмес, иштей турган институт болушу керек. Институтка академиялык, илимий-техникалык жана изилдөө иштерин жетектөө, кырыз тили жана адабияты боюнча мыкты кадрларды даярдоо боюнча өзгөчө укуктар берилсин. Институт кыргыз адабий тилин окутуу, өнүктүрүү, анын мамлекеттик тил катары колдонулушун аныктоочу стандарттарды иштеп чыгышы жана аткарылышын көзөмөлдөшү керек.
  • Аталган институттун базасында кыргыз тилинин терминологиясы боюнча атайын агенттик түзүш керек. Ал учурдагы илим, техника, технология, башка тармактардагы азыркы терминдерди кыргызчалоо (зарыл болгондо), ыңгайлаштыруу, колдонуу маселелерин чечиши зарыл. Четтен кыргыз тилине кирип жаткан сөздөрдүн жаңыланып турчу санарип сөздүгүн түзүү зарыл.
  • Мамлекеттик тилде берүүлөр чыгарган телерадиокомпаниялардын кыргыз адабий тилинин эрежелерин так сактоосу мыйзам деңгээлинде милдеттендирилиши зарыл. Андай эрежелерди сактабаган депутаттарды (алар баарына тыюу салганды жакшы көрөт эмеспи), жогорку кызматтагы аткаминерлерди, саясий, маданий, бизнес элитанын эфирге чыгышына тыюу салуу керек. Же эфирге чыкканга чейин мамлекеттик тилде таза сүйлөөнү машыксын, же өзүнө ыңгайлуу болгон башка тилде сүйлөсүн. Телеканал аны таза кыргызчага которуп берсин.
  • Мамлекеттик буюртма катары дүйнөлүк деңгээлдеги фильмдерди, сериалдарды, мультфильмдерди, спорттук, илимий-популярдуу берүүлөрдү, теле шоуларды такай которуп чыгарып туруу. Алар сүрөөнчүлөр менен мамлекет тарабынан каржыланып, даяр продукция бардык телерадиокомпанияларга бирдей бекер таратып берилиши абзел.
  • Мамлекеттик буюртма катары мыкты адабий чыгармаларды, илимий-популярдуу, шыктандырган жана окурмандар кызыккан башка адабияттарды мамлекеттик тилге которуу. Чыккан нускалардын бир бөлүгүн мектептерге, китепканаларга бекер таратып, калган бөлүгүн сатыкка коюу.
  • Мамлекеттик буюртма катары керектүү, өтүмдүү интернет ресурстарды кыргызчага которуу, интернет-технологияларды кыргызчалаштыруу боюнча техникалык маселелерди чечүү, менчик формасына карабай мамлекеттик жана билим берүү түзүмдөрүн бардыгын кыргызча компьютердик программалык камсыздоого жетишүү. Мыйзам долбоорунун авторлору сунуш кылгандай мындай маселелерди чечүү жеке адамдардын милдети катары коюлбашы керек.
  • Кыргыз тилинде окуткан жалпы билим берүүчү мектептер менен мектепке чейинки мекемелерди каржылоо, анда иштегендердин статусун, иш сапатын эселеп көтөрүү. Кыргыз тили жана адабияты мугалимдеринин айлык акысын эселеп көтөрүп, алардын жоопкерчилигин да жогорулатуу, кесиптик чеберчиликке жетүүгө умтулган мугалимдердин кызыгуусун арттыруу механизмин киргизүү.
  • Аркыл этникалык топтордун күндөлүк турмушунда, ишинде мамлекеттик тилди эркин колдонгон өкүлдөрүн сыйлоонун ыктуу механизмдерин иштеп чыгуу.
  • Мыйзамдык негизде маданият менен көркөм өнөр өкүлдөрүнүн мамлекеттик тилди жайылтуу, пропаганда кылуу ишине тартып, мамлекеттик тилге сый мамиле кылуу, ага кызмат кылуу маданиятын калыптандырууда жекече жүрүм-туруму менен үлгү көрсөтүшүнө жетишүү.
  • Башка тилдерде иштөөчү телеканалдардын эфирин мамлекеттик тилдеги материалдар менен толтуруу боюнча милдеттенмелерди алып салуу. Болбосо бул милдеттенмени болушунча азайтуу. Айталы 30% чейин, анан сөзсүз аларга мамлекеттик тилдеги материалдардан жардам кылуу (5-пункт).
  • Улуттук концепциянын, анын негизинде түзүлгөн мамлекеттик иш-чаралардын аткарылышы жөнүндөгү расмий баяндама жыл сайын өкмөттө, мамлекет башчыларынын катышуусунда талкууланышы керек.

Сүйүү жана үлгү көрсөтүү

Бир кезде “дүйнөлүк пролетариаттын жолбашчысы” болгон Владимир Лениндин “Улуу жана кудуреттүү орус тили ким болбосун токмоктолуудан коркуп үйрөнүшүнө муктаж эмес” деген сөзү бар. Тил саясаты терең ойлонуп, жарандардын экономикалык, рухий жана башка кызыкчылыктарын эске алуу менен жүргүзүлсө, 5-10 жылдын аралыгында Кыргызстанда деле мамлекеттик тилдин ошондой бийик статусун камсыз кылууга болот. Тескерисинче, тилди “токмок” менен үйрөтүү жолун улантып, күчкө сала берсек, алдыдагы 30 жылда да ушундай эле натыйжага келебиз. Эгер мындан да жаман болуп кетпесе.

Кеп соңунда айта кетчү сөз. Менин терең ишенимимде кыргыздардын өздөрү, биринчи иретте өлкөнүн элитасы, мамлекет башчылары, ар кыл деңгээлдеги депутаттар жана аткаминерлер эне тилинде сайрап турмайын, мамлекеттик тилди сүйүп, урматтоонун үлгүсүн көрсөтүшмөйүн, бул нерселерди башкалардан талап кылуу эч бир жыйынтык бербейт. Кала берсе жогоруда аталган категориядагы адамдардын дээрлик бардыгы кыргыз тилин эне тилим деп эсептегендер.

Эң башкысы – тилдин терең мүмкүнчүлүктөрүнө айныксыз ишенүү. Кыргыз тилинин мүмкүнчүлүктөрү болсо чалкып жаткан деңиздей. Болгону аны ЧЫН ДИЛДЕН СҮЙҮҮ гана керек. Ошондо гана ал көбүнүн итиркейин келтирген ошол эле белгилүү жомоктогу түрү суук өрдөктөн кооз ак кууга айланып чыга келет.

Жалпыбыздын мүлкүбүз болгон ак кууга канатың талыбасын демекчимин.

Абдумомун Мамараимов, журналист

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

XS
SM
MD
LG