Акыйкатчы сотторду сөз эркиндигин сыйлоого чакырды

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова журналисттердин, блогерлердин жана активисттердин ишине соттук териштирүү оркойгон кемчиликтер менен жүрүп жатканын билдирип чыкты.

Омбудсмен институту бүгүн, 22-сентябрда тараткан билдирүүсүндө тергөө иштери процессуалдык мүчүлүштүктөр менен жүрөрү байкалганы айтылат.

"Журналист, блогер, активисттерге карата дээрлик бардык иште процессуалдык жана башка мүчүлүштүктөр байкалат. Бул тергөөнүн ар тараптуу, толук жана обьективдүү жүргөнүнө шек туудурат. Шек саналган адамдарга күнөөсүздүгүн далилдөөсүнө чектөө коюлганынан кабар берет жана жарандын конституциялык укугу жана эркиндиги сакталбайт", - деп жазылган анда.

Билдирүүдө тергөөдөгү кетирилген каталар, процессуалдык мүчүлүштүктөр жана иштин толук иликтенбеши - сот жараяны учурунда жоюлуп кетпеси белгиленип, бул сот ишинин туура эмес жүрүшүнө жана сотторго ишенбөөчүлүк жаратууга алып келери айтылган.

Акыйкатчы Кыргызстандын эгемендик учурундагы негизги жетишкендиги - сөз эркиндиги экенин соттор, укук коргоо органдары унутпашы керектигин, сөз эркиндиги Баш мыйзам менен кепилденгенин эскертти.

Мындай билдирүү Бишкектин Свердлов райондук сотунда 22-сентябрда иликтөөчү журналист Болот Темировго карата өкүм чыгардын алдында жарыяланды. Прокуратура ага беш жылдык жаза мөөнөтүн берүүнү сураган.

21-сентбярда Бишкектин Биринчи май райондук соту Next TV телеканалынын директору Таалайбек Дүйшөмбиевди үч жылдык пробациялык жаза мөөнөтүн чегерген чечим чыгарып, сот залынан бошоткон.

Учурда 19 жаштагы блогер Ырыс Жекшеналиев Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) тергөө абагында кармалып турат. 22-сентябрда анын саламаттыгы начарлап, медициналык лабораториялдан ден соолугу текшерилгенин Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик комитети (ЖАМК) "Азаттыкка" тастыктады.

Социалдык түйүндөрдө Адилет Балтабай деген ат менен таанымал блогер жана жарандык активист Адилет Али Мыктыбектин иши Биринчи май райондук сотунда каралууда. Блогер 30-июнда милицияга суракка чакырылып, эртеси бир айга камакка алынган. Биринчи май райондук ички иштер бөлүмү ал Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Жапырт башаламандык”) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалганын билдирген.

Бийликти сындап келген активист Тилекмат Кудайберген уулу былтыр 20-августта 1,5 жылга кесилген. Сот аны Жазык кодексинин 310-беренесинин (Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар) 2-бөлүмүнүн 1-пункту, 192-беренесинин (Шайлоочуларды сатып алуу) 2-бөлүмү менен күнөөлүү деп тапкан. Сот залынан камакка алынган активист абакта жаза мөөнөтүн өтөп бүтүп, 17-сентябрда эркиндикке чыккан.

21-сентбярда Кыргызстанда жарандык коом жана медиа өкүлдөрү сөз эркиндиги болбосо мамлекет тыштан келген коркунучтарга туруштук бере албасын айтып, бийликти журналисттерге, укук коргоочуларга, блогерлерге аңчылыкты токтотууга чакырышты.(ZKo)

Дагы караңыз

"Болотко боштондук!". Журналисттин соту жылдыБолот Темировдун соту 28-сентябрда уланмай болду"20 жыл жашаган үйүмдөн кууп чыкканы жатышат" Түркияда бир жума "Манас" айтылатЧек ара: Баткендеги эки айыл жаңыдан курулатБаткенге кол сунган жаштар