Баткен: Үй-жайын таштап качкан 136 миң адамдын 5,5 миңдейи башка облустарга чыгып кеткен

Баткен. Кадамжай. Эвакуациялоо.

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуяларга байланыштуу Баткен облусунда үй-жайын таштап чыгууга мажбур болгон 136 миң 770 жергиликтүү тургундун 5,5 миңден ашууну республиканын башка аймактарында экенин 22-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

131 миңден ашык адам Баткен облусунун өзүндө жергиликтүү тургундардын үйүндө, 4,5 миңдей адам атайын эвакуациялык пункттарда жашап жатат.

Мындан тышкары Ош облусунун Тажикстан менен чектеш Чоң-Алай районунун Жекенди айылынан да 5 миңден ашуун адам эвакуация болгон.

ӨКМ жалпысынан 1 миң тоннадан ашык гуманитардык жардам Баткен облусуна жеткирилгенин маалымдады. Чоң-Алайдын тургундарына кандай жардам берилип жатканы айтыла элек.

17-сентябрда Чек ара кызматы Чоң-Алай районундагы Тешик-Таш, Карамык жана Кароол-Дөбө айылдарындагы чек арачылардын позициясы тажик тараптан аткылоого кабылганы тууралуу кабарлаган. Ок атышуу сүйлөшүүлөрдөн кийин токтогон.

Быйыл 14-16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта 59 кыргыз жараны курман болуп, эки жүзгө жакыны жараат алды. Чек арадагы кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты.

Тажик тарап 41 жараны өлгөнүн билдирген. "Озоди" өз булактарына таянып чек арада каза болгон 63 адамдын тизмесин чыгарды. (RK)

Дагы караңыз

УКМК: Чек арада кырдаал тынчЖогорку Кеңеш чек арадагы абалды жабык карап жатат"Свободанын" журналисти Груздилович абактан чыктыОрусияда аскердик мобилизацияга каршы чыккан миңден ашуун адам кармалды