Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:05

"Свободанын" журналисти Груздилович абактан чыкты


Олег Груздилович абактан чыккандан кийин.
Олег Груздилович абактан чыккандан кийин.

"Эркин Европа - Азаттык радиосунун" беларус кызматынын кабарчысы Олег Груздилович 21-сентябрда Могилев абагынан бошотулду. Бир жарым жылга кесилген журналист тогуз айдан кийин мунапыстын негизинде эркиндик алды.

Абактан чыккандан кийин ал жубайы экөө Литвага кеткени кабарланды.

"Эркин Европа, Азаттык радиосунун" президенти Жейми Флай медиакорпорацияда 1990-жылдардан бери иштеп келген журналисттин азаттыкка чыгышын кубануу менен кабылдады.

"Олегдин убактысын уурдап, акыйкатсыздык менен абакка камашты. Ал жубайы жана башка жакындары менен бир болоруна кубанып турам", - деди ал.

Жейми Флай Груздиловичтин ишинде колдоо көрсөткөнү үчүн эл аралык жана жарандык коомчулукка ыраазычылык билдирди. Радионун президенти "Свободанын" дагы эки кабарчысы Игорь Лосик менен Андрей Кузнечик абакта экенин белгилеп, аларды да токтоосуз бошотууну белгиледи.

"Свободанын" кабарчысы Олег Груздилович 2020-жылы президенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы нааразылык акциясын чагылдырып жүргөндө кармалган.

Беларустагы таанымал журналисттердин бири, 25 жылдан ашуун "Свобода" радиосунда иштеп келген. Беларус бийлиги "Свободанын" каттоосун жокко чыгарганы үчүн Груздилович "Элдин эрки" гезитинин атынан 25-октябрдагы нааразылык акциясын чагылдырганы барган.

Ал 2021-жылдын декабрынан бери Минскидеги тергөө абагында камалып турду.

Игорь Лосик "массалык башаламандыкты уюштурган" деген айып менен 15 жылга камалган. Ушундай эле айып менен оппозициянын лидери Сергей Тихановский 18 жылга кесилген.

Андрей Кузнечик "экстремисттик түзүм түздү" деген айып менен алты жылга соттолгон.

Укук коргоочулардын маалыматында Беларуста саясий туткундардын тизмесинде 1337 адам бар. Алардын ичинен 28и журналисттер.

XS
SM
MD
LG