Казакстан: Кезексиз президенттик шайлоо 20-ноябрга белгиленди

Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстанда кезексиз президенттик шайлоо 20-ноябрга белгиленди. 21-сентябрда өлкө президенти Касым-Жомарт Токаевдин тийиштүү жарлыгы менен кошо кайрылуусун жарыяланды.

Анда Токаев мамлекет башчысы катары шайлоону мыйзам чегинде өткөрүүгө кепилдик берерин айтып, өнөктүк калыс, ачык жана жергиликтүү, эл аралык байкоочулардын кеңири катышуусунда өтөрүн белгиледи.

1-сентябрда парламентте сүйлөп жатып Токаев президенттик мөөнөттү кайра шайлануу укугусуз жети жыл деп чектөөнү сунуштаган. 17-сентябрда Казакстанда Конституция өзгөртүлүп, президенттик ыйгарым укуктун мөөнөтү азыркы беш жылдан жети жылга узартылып, кайра шайлануу укугу алынып салынган.

Өлкөнү үч жылдан бери башкарып келе жаткан Касым-Жомарт Токаев келерки шайлоого катыша турганын билдирген. Эгер 20-ноябрдагы шайлоодо утса ал бийлик башында жалпысынан 10 жыл отурат.

Байкоочулар шайлоону атаандаштык шартында өткөрүүгө убакыт жетишсиз болуп калганын айтып жатышат. (RK)

Дагы караңыз

Четтеги мекендештер Баткенге жардам чогултуудаАк-Сай: жакынын жоготкон тургундарБаткенге жардам катары 225 миллион сомдон ашуун каражат чогулду"Болотко боштондук!". Журналисттин соту жылды