Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:05

Баткенге жардам катары 225 миллион сомдон ашуун каражат чогулду


Баткен облусунун Ак-Сай айылынындагы талкаланган үй. Сентябрь, 2022-жыл.
Баткен облусунун Ак-Сай айылынындагы талкаланган үй. Сентябрь, 2022-жыл.

Каржы министрлигинин 21-сентябрь, саат 15:00гө карата берген маалыматына ылайык, кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн ачылган атайын эсепке 225 миллион 142 миң 744 сом түштү.

Буга чейин каржы министринин орун басары Жибек Дүйшеева кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн ачылган атайын эсепке элден чогулган каражат азырынча сарптала электигин айткан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алдын ала эсеп боюнча талкаланган үйлөрдүн саны 365 экенин билдирди. Мындан тышкары социалдык объектилер жана аскердик казармалар талкаланган. Чыгымды атайын түзүлгөн мамлекеттик комиссия эсептеп жатат.

Быйыл 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атады. Анын алдында Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги ушундай эле мазмунда айыптаган билдирүү жарыялаган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылышта Кыргызстан бери дегенде 59 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери экени айтылды, жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады. Чек арадагы кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирди. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 61 кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазды.

Курмандыктар жана жаракат алгандар, турак жайлар тууралуу маалыматтарды көз карандысыз булактардан тактоого азырынча мүмкүн болбой турат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG