Батыштагы бир катар өлкөлөрдүн башчылары Украинанын Москва басып алган аймактарын Орусияга кошуу максатында референдум өткөрүү планын четке кагышты.
АКШнын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан Вашингтон бул референдумдарды кескин четке какканын айтса, Германиянын канцлери Олаф Шольц менен Франциянын президенти Эммануэл Макрон экөө тең москвачыл жикчилдердин максатын "жасалма" деп мүнөздөштү.
Франциянын президенти Эммануэл Макрон БУУнун Башкы Ассамблеясында сөз сүйлөрдүн алдында бул референдумдардагы добуштардын юридикалык күчү болбойт деди. Шольц мындай референдумдар эл аралык укук нормаларын бузарын белгилеп, анын натыйжасы кабыл алынбасын журналисттерге билдирди.
Канада менен Евробиримдик да 23-сентябрга белгиленген референдумду сындашты.
Расмий Киев да бир нече мындай мыйзамсыз добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныбай турганын билдирген.
Украинанын чыгышындагы жикчил аймактарда жана орус армиясы көзөмөлдөп турган Херсон облусунда Орусияга кошулуу тууралуу референдумдун датасын жергиликтүү орусиячыл бийлик 23-27-сентябрь күндөрүнө болжоду.
Шейшемби, 20-сентябрда Донецк жана Луганск "элдик республикаларынын" депутаттары тиешелүү мыйзамды кабыл алып, ага жикчил аймактардын жетекчилери да кол коюшту.
Орусиянын аскерлери 2022-жылдын 24-февралында Украинага басып кирген. Бул аралыкта Киев 9 миңдей жоокерин жоготконун тактады. Орусия мартта 1351 аскери өлгөнүн расмий билдиргенден бери маалыматтарды жаңылай элек. Украиндер орус армиясы 55 миңдей аскерин жоготконун кабарлап жатышат.
Дагы караңыз
Гутерриш чек арада мерт болгондор үчүн Садыр Жапаровго көңүл айтты Президент Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясында кыргыз-тажик чек ара маселесин көтөрдү14-17-сентябрдагы чек арадагы куралдуу жаңжалдын курмандыктарыЧек арада ноокендик эки жоокер курман болдуАКШда кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү митингге чыгышты Президент Жапаров Нью-Йоркто БУУнун баш катчысы менен жолугушат Чек ара: тынчтык протоколу, элдин мүдөөсү