Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:39

АКШда кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү митингге чыгышты


Акцияга чыккан кыргыздар.
Акцияга чыккан кыргыздар.

АКШдагы кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Нью-Йорк шаарындагы баш кеңсесинин алдына чогулуп, Тажикстандын бийлигинен кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалды токтотууну талап кылышты.

Чогулгандар дүйнөлүк уюмду чек арадагы куралдуу кагылышууну эл аралык иликтөөгө чакырды. Алар БУУнун Адам укуктары комитетине кайрылуу жасашты.

Ушул эле күнү Чикаго шаарында да кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү митингге чыгышып, Тажикстанды "кан төгүүнү токтотууга" чакырышты.

Кыргыз диаспоралары Баткендеги куралдуу кагылышууда жабыркагандарга жардам уюштуруу иштерин баштады.

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш 17-сентябрда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен телефондон сүйлөшүп, кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга тынчсыздануусун билдирип, эки өлкөнүн жетекчилерин ок атышууну токтотууга чакырды.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги тараткан акыркы маалыматка караганда, 16-сентябрдагы куралдуу кагылышуудан Кыргызстандан кеминде 36 адам мерт болду, 129 адам жараат алган. 140 миңден ашуун адам коопсуз жакка жер которду.

Тажикстан жоготуулары жөнүндө расмий маалымат бере элек. Reuters күч органдарындагы булактарына таянып, жети киши каза болгонун жазды. "Озоди" тажик өкмөтүндөгү булагына таянып, өлгөндөрдүн саны 39 киши экенин кабарлады. Бирок Тажикстандын расмий бийлиги муну ырастай элек. Маалыматты көз карандысыз башка булактардан тактоого мүмкүн боло элек.

XS
SM
MD
LG