Баткендин, Бишкектин жана Оштун ооруканаларында жалпысынан 137 адам дарыланып жатат.
Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Министрликтин 20-сентябрда, түнкү саат 22:00до берген маалыматында, учурда чек арада жабыркагандардын саны Кыргызстанда 198 адамга жетти. Алардын ичинен 61и үйүнөн дарыланууга жиберилди.
Министрлик бардык жабырлануучуларга керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, кандын компоненттери, дары-дармектер жана медициналык буюмдар жетиштүү экенин билдирди.
Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылышта Кыргызстан бери дегенде 59 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери экени айтылды, жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады. Чек арадагы кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты.
Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирди. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 59 кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазды. Жараат алгандар, турак жайлар тууралуу маалыматтарды көз карандысыз булактардан тактоого азырынча мүмкүн болбой турат.(ZKo)
Дагы караңыз
Президент Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясында кыргыз-тажик чек ара маселесин көтөрдү14-17-сентябрдагы чек арадагы куралдуу жаңжалдын курмандыктарыАКШда кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү митингге чыгышты Президент Жапаров Нью-Йоркто БУУнун баш катчысы менен жолугушат Чек ара: тынчтык протоколу, элдин мүдөөсү Донбасста жана Херсондо Орусияга кошулуу тууралуу референдум өтөт"Элзада котормочу болгусу келген". Окко учкан өмүрлөрБаткенге жардам катары 179 миллион сомго жакын каражат чогулдуЖапаров менен Мирзиёев кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды талкуулады