Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан-Ооганстан транспорттук коридорундагы Кашкар-Ош-Анжиян-Галаба-Хайратон темир жолу боюнча алгачкы эксперименталдык поезд жолго чыкты.
Бул тууралуу 19-сентябрда «Өзбекстан темир жолдору» компаниясы билдирди.
Оштогу темир жол станциясында 12 контейнерден турган поезд куралган. Алардын ичине азык-түлүк, үй техникасы жана айыл-чарба товарлары жүктөлгөн.
Мунун баары Ооганстандагы Мазари-Шариф станциясына жеткирилет. Поезд ал жакка эки күндөн кийин барары күтүлүүдө.
14-сентябрда Самаркандда «Өзбекстан-Кыргызстан-Кытай» темир жолунун курулушу тууралуу келишимге кол коюлган. Бул темир жолдун курулушу 2000-жылдардын башында демилгеленген, бирок ишке ашпай келген.
Дагы караңыз
Кыргызстанда ыктыярчылар жөнүндө мыйзам долбоору иштелип чыктыБаткенде жараат алгандардын саны 200гө жакындадыПрезидент Жапаров Нью-Йоркто БУУнун баш катчысы менен жолугушат