Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:03

Баткенде жараат алгандардын саны 200гө жакындады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин 20-сентябрь, саат 15:00дө берген маалыматы боюнча чек арадагы куралдуу жаңжалда түрдүү жараат алып ооруканага кайрылгандардын саны 198ге жетти. Алардын 26сы үйүнөн дарыланууга жиберилген. Министрликтин маалыматына караганда, 104 жабырлануучу Бишкек жана Ош шаарларындагы ооруканаларына которулган. 68 бейтап Баткен облусундагы бейтапканаларда жатат.

  • Улуттук госпитал – 75 жабырлануучу;
  • Улуттук хирургиялык борбор – 8 жабырлануучу;
  • Эне жана баланы коргоо улуттук борбору – 8 жабырлануучу;
  • Тез медициналык жардам ооруканасы – 9 жабырлануучу;
  • Ош облустук бириккен ооруканасы – 4 жабырлануучу;

Соңку расмий маалымат боюнча, 14-17-сентябрда кеминде 59 кыргызстандык мерт болду, алардын арасында 15 жаштагы окуучу кыз бар. Каза болгондордун кыркы аскер кызматкери экени айтылды, чек арадагы кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты.

Саламаттык сактоо министрлиги жараат алгандардын канчоо жай тургундар экенин тактай элек.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяны "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп айыптады.

Анын алдында Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстанды ушундай эле мазмунда айыптаган билдирүү жарыялаган.

Тажикстандын тышкы иштер министринин орун басары Содик Имоми 19-сентябрда Дүйшөмбүдөгү брифингде 14-17-сентябрда чек арада 41 тажик жараны каза болгонун билдирди. Имоми каза тапкандардын канчоо аскер кызматкери, канчасы жай тургундар экенин тактаган жок.

Тажик бийлиги чек арадагы акыркы кандуу окуяларда каза тапкандардын санын биринчи жолу расмий жарыялады.

Курмандыктар жана жараат алгандар тууралуу маалыматтарды көз карандысыз булактардан тактоого азырынча мүмкүн болбой турат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG