Баткенде бала бакча, мектептер азырынча ачылбайт

Арка айылы куралдуу жаңжалдан кийин. 90-сентябрь, 2022-жыл.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан улам эвакуацияланган эл үйүнө толук кайта элек. Буга байланыштуу мектеп, бала бакчалардын баары азырынча иштебейт. Ал эми дүкөн, коомдук тамактануучу жайлар, банктарга 20-сентябрдан тарта иш баштоо эскертилгенин президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев 19-сентябрда түндө журналисттерге билдирди.

"Баткен облусу боюнча 28 жерде банк иштесе, анын үчөө гана иштебей турат. Калган баарына иштесин деп талап коюлган. Баткендин мэрине да тапшырма берилген, кафе-ашкана, дүкөндөр баары эртеңден тартып ишке кирсин деп тапшырма берилген. Мамлекеттик кызматкерлердин баары ишине кайтты", - деди Алимбаев.

Кыргыз-тажик чек арасындагы Баткен облусунда болжолдуу 282 турак жай, мектеп, бала бакчалар жана башка социалдык мекемелер жабыркаган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кол салууда Кыргызстан кеминде 59 жаранын жоготту. 19-сентябрда жалпы өлкөдө аза күтүлдү.

Куралдуу кагылыштан 183 адам жараат алып, 140 миңден ашуун адам коопсуз жакка убактылуу жер которду.

Тажикстандын бийлиги чек арадагы кагылышта 41 жараны мерт болгонун 19-сентябрда расмий маалымдады.

Бишкек жана Дүйшөмбү бири-бирин "куралдуу агрессияга" жол бергени үчүн айыптады. (ZKo)

Дагы караңыз

Алимбаев: Кыргызстандын эки аскер кызматкери дайынсыз болууда Чек арадагы кагылыш: эл үйүнө кайта элек Баткенге 700 тонна гуманитардык жардам жеткирилдиХаныша Елизавета экинчинин сөөгү жерге берилдиУкраина Орусияга салынган санкцияларды алууга үндөгөн Венгрияны айыптадыТашиев: кыргызстандык төрт аскер кызматкери туткундан бошотулдуБаткенге жардам катары 70 миллион сомдон ашык каражат чогулду