Лейлек: Аркадагы кыйраган базар, өрттөлгөн үйлөр

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Чек арадагы куралдуу жаңжалда Лейлектин Арка айылынын борборундагы базар толук талкаланып, ондогон үй-жай өрттөлдү. 14-сентябрда жаңжал тутанганда Арканын тургундары тоо тарапка - Маргун айылын карай качкан. Былтыркы чек ара жаңжалында Лейлекте жүзгө жакын соода жана кызмат көрсөтүү жайлары өрттөлгөн. “Азаттыктын” кабарчылары Арка айылын аралап, жолдо кезиктирген тургундары кепке тартты.