Чек арага чеп болгон Даниэл менен Нурислам

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Баткендеги чек ара жаңжалынан сузактык 22 жана 19 жаштагы кырчын өмүрлөр кыйылды. Экөө тең бир жылдык аскерде кызмат өтөп жүрүшкөн. Даниэлбек Малашов сентябрдын 15де үйүнө кайтып келмек. Ал эми 19 жаштагы Нурислам Карыбеков үйдүн улуусу болгондуктан ата-энесинин ишенген тиреги эле.