Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салууда курман болгон беш кишинин тек-жайы тактала элек. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орунбасары Жаркынбек Касымбеков Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинин жыйынында билдирип, сөөктөр өлүкканада экенин кошумчалады.
Расмий маалыматка ылайык, куралдуу кол салууда 59 кыргызстандык набыт болуп, бери дегенде 163 киши жараат алды. Буга байланыштуу 19-сентябрда Кыргызстан аза күтүүдө.
Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова Баткенде жабыркагандарга дары-дармектер, кан жеткирилгенин билдирип, кан запасын чогултуу уланып жатканын айтты.
Тажик бийлиги 30дай тажик жараны каза тапканын, алардын көбү жайкын тургундар экенин маалымдаган.
Кыргыз-тажик чек арасында 14-сентябрда башталган кагылыш 16-сентябрда курчуп кеткен. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги окуяны "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атады. Анын алдында Тажикстан Кыргызстанды ушундай эле мазмунда айыптаган билдирүү жарыялаган.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) 19-сентябрга караган түн тынч өткөнүн, бирок абал чыңалуу экенин билдирген. (SE)
Дагы караңыз
Чек арадагы атышууда мерт болгондордун төртөө ИИМ кызматкерлери Ажикеев: Баткенде дайынсыз болуп жаткан төрт адам табылдыЧек арадагы куралдуу кагылышта жараат алгандардын саны 163кө жетти Ош милициясы чек арадагы окуяны колдонгон шылуундардан сак болууга чакырды