Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:30

Чек арадагы куралдуу кагылышта жараат алгандардын саны 163кө жетти


 19-сентябрга караган түнү дагы 19 адам ооруканаларга кайрылды.
19-сентябрга караган түнү дагы 19 адам ооруканаларга кайрылды.

Саламаттык сактоо министрлиги 19-сентябрь, саат 09.00го карата маалымат берип, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта жарадар болгондордун жалпы саны 163 болгонун билдирди. Анда 19-сентябрга караган түнү дагы 19 адам ооруканаларга кайрылып, 12си амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөнү айтылат.

Чек арадагы соңку куралдуу кагылышта бери дегенде 59 адам мерт болду. Буга байланыштуу 19-сентябрда Кыргызстан аза күтүүдө. Бул күнү өлкөдө, чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелердин имараттарында Кыргызстандын туусу ылдый түшүрүлөт. Маданий жайларда, маалымат каражаттарында оюн-зоок иш-чаралары, көңүл ачуучу берүүлөр токтотулат.

Кол салуудан улам чек арадагы кыргыз айылдарынан 140 миңден ашуун адам коопсуз жайга убактылуу көчүрүлдү.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяны "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атады. Тажик тарапты Кыргызстандын өзүн коргоо аракетин дискредитациялоого багытталган ири масштабдагы жалган маалыматтык өнөктүк уюштурду", - деп айыптады.

Анын алдында Тажикстандын ТИМи Кыргызстанды ушундай эле мазмунда айыптаган билдирүү жарыялаган.

Тажик бийлиги 14-сентябрдан бери 30дай тажик жараны каза тапканын, алардын көбү жайкын тургундар экенин билдирди. Буга чейин "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, чек арада 39 киши өлгөнүн кабарлаган.

Маалыматты көз карандысыз башка булактардан тактоого азырынча мүмкүн болбой турат.

XS
SM
MD
LG