Баткендеги чек ара жаңжалынан жабыркагандарга кан берүүнү каалаган жарандар көп болуп жатканына байланыштуу Бишкектеги Республикалык кан борбору дем алыш күндөрү да штаттык режимде иштейт.
Бул тууралуу аталган борбордун жетекчиси Бакыт Карабаев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтуусунда бүгүн, 17-сентябрда 122 адам жана 100дөн ашуун аскер кан тапшырды. Анын айтуусунда учурда кандын запасы жетиштүү.
Саламаттык сактоо министрлиги бардык облустардагы кан борборлору дем алыш күндөрү да иштеп жатканын билдирди.
16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылышта Кыргызстан тараптан 24 адам каза таап, жүздөн ашуун адам жарадар болгону расмий кабарланды.
Расмий Дүйшөмбү кагылыштан мерт болгондор жана жараат алгандар тууралуу расмий маалымат берген жок.
"Озоди" радиосу жергиликтүү маалымат каражаттарына шилтеме кылып, кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта 10 чакты адам мерт болуп, көптөгөн адамдар жаракат алганын, бирок бул маалыматты тажик бийлиги ырастабай жатканын жазды. Маалыматты башка көз карандысыз булактардан тастыктоого мүмкүн боло элек.(ZKo)
Дагы караңыз
Активист Тилекмат Кудайберген уулу абактан бошотулдуЧек арадагы атышууда жараат алгандардын саны 103 адамга жеттиКыргызстандын Чек ара кызматы Достук айылы минометтук аткылоого кабылганын билдирди Тележурналист Мырзакул Мамбеталиев дүйнөдөн кайттыКадамжайга эвакуацияланып келген эки келин төрөдү