БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы Баткенге гумжардам жөнөтөт

Бишкекте жана дээрлик бардык аймакта Баткен үчүн гуманитардык жардам чогултуу, жөнөтүү башталды.

Бириккен Улуттар Уюмунуy Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БАА ДАТП) кыргыз-тажик чек арасындагы кагылыштан улам аргасыз жер которгон миңдеген адамга чукул жардам көрсөтөт.

“Жардамдын биринчи бөлүгү, 40 тонна азык-түлүк (36 тонна буудай ун жана 4 тонна суу май) Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жүк ташуучу унааларына жүктөлдү. Чек арадагы окуялардан улам жабыркагандарга чукул көмөк көрсөтүү үчүн жалпысынан 400 тонна азык-түлүк (360 тонна буудай ун жана 40 тонна суу май) жиберилет”, -деп айтылат маалыматта.

Учурда Бишкекте жана дээрлик бардык аймакта Баткен үчүн гуманитардык жардам чогултуу, жөнөтүү башталды. Ошондой эле акчалай жардам бергиси келгендер үчүн атайын эсеп ачылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги чек арадагы соңку куралдуу кагылышуудан улам саат 21:00гө карата Баткенден 136 миңден ашык киши коопсуз аймакка эвакуация болгонун кабарлаган.

Алар негизинен Баткен районунун, Баткен шаарынын, Лейлек районунун жана Раззаков шаарынын тургундары.

Дагы караңыз

Чек арадагы атышууда бери дегенде 87 адам жараат алдыЧек арада жарадар болгон беш бала Бишкекке жеткирилди Иманкулов: каза болгондор такталууда, коопсуздукту бекемдөө тапшырмасы берилдиТашиев: чек арадагы жаңжалда жоготуулар жана жаракат алгандар көпБаткенде бир нече айылдан 136 миңден ашык адам коопсуз аймакка чыгарылды