Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:53

Ташиев: чек арадагы жаңжалда жоготуулар жана жаракат алгандар көп


УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаал боюнча маалымат берип, ок атышуу токтогонун, бирок кырдаал оор бойдон калып жатканын билдирди. Ал чек арадагы куралдуу кагылышууда кыргыз тараптан аскерлер арасында жоготуулар көп болгонун белгилеп, так санын айткан жок.

“Жоготуулар негизинен аскер кызматкерлеринин арасында болду. Азыр канча жоготуу болгонун тактап жатабыз. Тилекке каршы, жоготуулар жана жаракат алгандар көп. Ал эми жай тургундар арасындагы жоготуулар аз болду. Андан сырткары бир нече айылды басып алганга аракет кылышты. Эки тараптан тең көптөгөн үйлөр өрттөндү. Азыр айылдардагы маселени чечип жатабыз. Азыр эки айылыбыз калды”, - деди Ташиев.

Ал тапта Кыргызстандын Чек ара кызматы 16-сентябрь, саат 23:30дагы кыргыз-тажик чек арасы боюнча акыркы маалымат таратып, кырдаал курч бойдон калып жатканын кабарлады. Расмий маалыматта Тажикстан тараптан аткылоо уланып, айрым аймактарда тынымсыз атышуу болуп жатканы айтылат. Чек ара кызматынын маалыматында, тажик аскерлери саат 22:20да "Тамдык" чек ара бекетин аткылаган. Кыргызстандын Чек ара кызматы тажик тарап кошумча аскер күчтөрүн тартып жатканын кабарлайт.

Саламаттык сактоо министрлиги саат 20:00гө (16-сентябрь) карата Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан 59 кыргыз жараны жаракат алганын кабарлады. Мекеме 15 жаштагы кыздын каза болгонун тастыктаган.

Кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрда эртең менен кайрадан ок атышуу башталган.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) Чек ара кызматы Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында абал саат 18:30га карата чыңалган бойдон турганын маалымдады. Мекеме Тажикстан ок атышууну токтотуу тууралуу макулдашууну бузуп, Лейлектин Кулунду жана Жаңы Жердеги калктуу конуштарды кайрадан аткылап жатканын кабарлап, “тажик тарап Баткен районунда ракеталык системаны колдонду” деп айыптады.

Тажикстандын Чек ара кызматынын маалымат кызматы эки тараптын күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин ок атышууну токтотуу макулдашуусуна карабай, кыргыз тарап аскер техникасы менен Гафуров районунун, Ворух жана Чорку, Исфара шаарларын аткылап жатканын кабарлады.

Бул маалыматтарды көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

"Озоди" радиосу маалымат каражаттарына шилтеме берип тажик тараптан эки жайкын тургун мерт болгонун, жаракат алгандар да бар экенин жазды.

Тажик бийлиги бул маалыматты ырастай элек.

XS
SM
MD
LG