Ташиев тараптар ок атышууну толук токтотууну сүйлөшкөнүн билдирди

Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов.

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу жөнүндө Тажикстандын күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен сүйлөшкөнүн кабарлады. Атайын кызматтын башчысынын видеосун Region телеканалы жарыялады.

“Азыр Тажикстандан чыктым. Гүлистан, Исфара шаарларына барып, алардын жетекчилери менен жолугуп келдим. Ятимов Саймумин Сатторович жана бардык күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен жолугуп, ок атууну токтотуу боюнча чечимге келдик. Азыр комиссия түздүк. Ага Баткен облусунун губернатору, милиция, УКМК башчысы, Чек ара кызматынын жана ИИМдин башчыларынын орун басары кирди. Азыр Кызыл-Бел чек ара бекетинде ишти башташты. Атышууну токтотуу боюнча биз бардык жерге команда бердик. 1-2 саатта толук бойдон токтотобуз деп ойлойм”, - деди Ташиев.

Буга чейин Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын Коопсуздук кызматынын башчысы Саймумин Ятимов чек арадагы ок атышууну саат 16:00дө токтотуу жөнүндө макулдашканын Кыргызстандын Чек ара кызматы Телеграм-каналына жазган.

Кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрда эртең менен кайрадан ок атышуу башталган.

Кыргызстандын Чек ара кызматы "тажик тарап буга чейинки макулдашууларды бузуп, Кыргызстандын чек арасынын бүткүл периметри боюнча чек ара жана жарандык объектилерге чыккынчылык менен кол салды", - деп айыптаган. Анда "Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасынын бардык периметринде атышуу уланып жатканын" белгилеген.

Тажикстандагы "Ховар" маалымат агенттиги өлкөнүн Чек ара кызматына шилтеме кылып кыргыз чек арачылары таңкы саат 4төн тартып "Дүйшөмбү" чек ара бекетин, айрым калктуу конуштарды аткылай баштаганын, ок атышууну токтотпой жатканын жазды.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги 16-сентябрда саат 15:00гө карата берген маалыматы боюнча Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жараат алгандардын саны 42 адамга жетти.

Reuters агенттиги тажик тараптан бир жайкын тургун мерт болуп, дагы үч адам жараат алганын өз булактарына таянып жазды. Тажик бийлиги бул маалыматты ырастай элек.

Дагы караңыз

“ЛЭР” жикчил аймагынын прокуратурасында жардыруу болдуАлиев Азербайжан экинчи Карабак согушун жеңгенин билдирдиЧек ара кызматы эки тарап ок атышууну токтотуу жөнүндө сүйлөшкөнүн кабарладыБаткен шаарында айрым жарандык имараттар ракеталык аткылоого кабылганы кабарланды