Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:17

Алиев Азербайжан экинчи Карабак согушун жеңгенин билдирди


Илхам Алиев.
Илхам Алиев.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев 2020-жылдагы экинчи Карабак согушун жеңгенин билдирди. Бул тууралуу ал 16-сентябрда Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинде айтты.

“Азербайжан Арменияга эгемендүүлүктү жана аймактык бүтүндүктү өз ара таанууга негизделген тынчтык келишиминин беш негизги принцибин сунуштады. Биз азыр эч кандай алдын ала шарт койбостон жана атайын убакытты созбой тынчтык келишиминин долбоорун иштеп чыгууну сунуштайбыз”, - деди Алиев.

Азербайжандын президенти армян-азери чек арасындагы акыркы куралдуу кагылышууга Арменияны айыптап, бул эки өлкөнүн алакасын жакшыртуу процессине кедергисин тийгизерин кошумчалады.

Азербайжан менен Армениянын чек арасында абал 13-сентябрга караган түнү курчуган. Чек арадагы акыркы чыр-чатактан Армения 135 киши набыт болгонун, Азербайжан андан 77 аскери каза тапканын билдирди. Бул үчүн эки тарап бири-бирин айыптап, 15-сентябрда эл аралык коомчулуктун кийлигишүүсү менен чек арада ок атышууну токтотууну макулдашкан.

Эки өлкө 2020-жылы Тоолуу Карабак аймагын талашып, катуу кагылышкан. Анда Армения төрт миңдей, ал эми Азербайжан үч миңдей жаранын жоготкону айтылган. Жаңжалда Азербайжан Тоолуу Карабактагы мурда Армения көзөмөлдөп турган бир нече районду жана Шуша шаарын кайтарып алган.

Көп өтпөй Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Орусиянын президенти Владимир Путин аталган чөлкөмдө ок атышууну токтотуу тууралуу келишимге кол коюшкан.

Ага ылайык, Армения менен Азербайжан макулдашууга кол коюлганга чейин өз аскерлери ээлеп турган аймактарды башкарып турмак болгон. Кесилишкен тилкени Орусиянын тынчтык орнотуучу күчтөрү кайтарып жатат.

Армения менен Азербайжан Тоолуу Карабакты талашып, алгач 1980-жылдары согушкан. Жикчил аймактагы 1988-1994-жылдардагы согушта 30 миңдей адам өлгөн, 100 миңден ашуун адам качкын болгон же жер которгон.

XS
SM
MD
LG