“ЛЭР” жикчил аймагынын прокуратурасында жардыруу болду

Лугансктагы администрациянын имараты.

16-сентябрда Луганск облусунда өздөрүн “Луганск элдик республикасы” (ЛЭР) деп атап алган жикчил аймакта прокуратуранын имаратында жардыруу болду. Бул тууралуу Украинанын жана Орусиянын жалпыга маалымдоо каржаттары менен Телеграмм каналдар жазды.

Окуя болгон жерден тартылган видеодон жардыруу имараттын 3-кабатында болгонун көрүүгө болот. “Луганск элдик республикасы” деп аталган жикчил түзүмдүн өкүлдөрү жардыруудан каза болгондор жана жараат алгандар бар экенин билдирип, алардын санын тактаган жок.

Орусиянын жалпыга маалымдоо каражаттары жардыруудан жикчил аймактын башкы прокурору катары дайындалган Сергей Горенко жан анын орун басары Екатерина Стегленко мерт болгонун жазды. Маалыматты Кремл колдогон бул аймактын башчысы Леонид Пасечник да ырастады.

Орусия Украинанын чыгышындагы “Донецк элдик республикасы” (ДЭР) жана “Луганск элдик республикасы” (ЛЭР) жикчил түзүмдөрдүн көз карандысыздыгын быйыл 21-февралда таанып, көп өтпөй Украинанын башка аймактарына кол салган.

Эл аралык коомчулук жикчилдер көзөмөлдөгөн райондорду Украинанын аймагы деп билет.

Дагы караңыз

Баткен: куралдуу жаңжалда жараат алгандардын саны 42 адамга жеттиМирзиёев ШКУну Ооганстандагы талиб өкмөтүнө жардам берүүгө чакырдыЖК төрагасы президент саат беште жыйынга чогултарын билдирди“Акысыз укуктук жардамга” кайрылгандардын көбүн аялдар түздү Оппозиция чек ара чатагы учурунда бийликти колдоого чакырдыБаткен шаарында айрым жарандык имараттар ракеталык аткылоого кабылганы кабарландыОрусияда сот “Новая газета” сайтынын лицензиясын чакыртып алды