Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:13

Мирзиёев ШКУну Ооганстандагы талиб өкмөтүнө жардам берүүгө чакырды


Шавкат Мирзиёев.
Шавкат Мирзиёев.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) Ооганстанда тынчтыкты орнотууга жана экономикасын турукташтырууга көмөк көрсөтүшү керектигин билдирди. Бул тууралуу ал 16-сентябрда уюмдун Самарканд шаарында өтүп жаткан саммитинде айтты.

“Ооган эли биздин коңшулук жардамыбызга мурдагыдан да көбүрөөк муктаж экенин айта кетейин. Биз Ооганстанды көйгөйлөрү менен жалгыз калтырып, буга чейинки каталарды кайталабашыбыз керек. Санкциялык саясаттын катаалдашы жана азыркы ооган бийлигинин (Ооганстандагы “Талибан” кыймылы түзгөн өкмөттүн - ред.) андан ары обочолонушу өлкөнүн ичинде радикалдашуунун күчөшүнө алып келет”, - деди ал.

Шавкат Мирзиёев талиб бийлиги кабыл алган эл аралык милдеттенмелерди, анын ичинде аялдардын жана балдардын укуктары боюнча убадаларынын аткарылышы үчүн Кабул менен сүйлөшүнүүнү улантуу керектигин кошумчалады.

“Талибан” кыймылы (Кыргызстанда тыюу салынган) Ооганстандын баш калаасы Кабулду басып алып, бийликке кайтып келгенине быйыл август айында туура бир жыл болду. Кыймыл түзгөн өкмөттү эл аралык коомчулук тааный элек.

Ушул жылдын июль айында Ташкентте “Талибан” өкмөтүнүн тышкы иштер министри Амир Хан Муттаки Ооганстан мындан ары Борбор Азия өлкөлөрүнө коркунуч туудурбай турганын айткан.

XS
SM
MD
LG