Орусияда сот “Новая газета” сайтынын лицензиясын чакыртып алды

“Новая газета” басылмасынын башкы редактору Дмитрий Муратов.

Орусиянын Жогорку соту байланыш жана медиа тармагын тескеген Роскомнадзор мекемеси жазган доо арыздын негизинде “Новая газета” сайтынын лицензиясын чакыртып алды. Буга чейин сөз болуп жаткан басылманын гезитинин жана “Но” журнал-тиркемесинин лицензиясы да жокко чыгарылган.

“Новая газета” Орусияда чет элдик агенттердин тизмесине кирген уюмдун аталышын жазууда маркировка койбогону үчүн эки жолу расмий эскертүү алган. Бул окуядан кийин Роскомнадзор басылманын лицензиясын чакыртып алууну талап кылган.

Редакция бул эскертүүлөр боюнча соттошууга аракет кылган, бирок алардын жазган доо арыздары бүгүнкү күнгө чейин карала элек.

1993-жылы негизделген “Новая газета” басылмасынын редакциясы иликтөө журналистикасы жана укук коргоо ишмердүүлүгү үчүн орусиялык жана эл аралык сыйлыктарды алган. Басылманын башкы редактору Дмитрий Муратов пикир эркиндигин коргоо аракети үчүн Нобелдин Тынчтык сыйлыгына татыган. Басылма март айында Орусиядагы аскердик цензура шартында өлкөдөгү окуяларды чагылдыруу мүмкүн болбой калганын билдирип, ишин убактылуу токтоткон. Бирок ага карабастан гезиттин сайты менен тиркемеси бөгөттөлгөн.

Дагы караңыз

Баткен шаарында айрым жарандык имараттар ракеталык аткылоого кабылганы кабарландыЧек арадагы соңку жагдайга байланыштуу медиа штаб түзүлдү Иран Шанхай кызматташтык уюмунун мүчөсү болдуCOVID-19: Орусияга кирүү үчүн ПЧР-тест талап кылына баштадыАрмения чек ара чырынын курмандыктары 135 адамга жеткенин билдирдиЖККУнун баш катчысы менен кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал талкууландыКазак парламенти Баш мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдү колдоду