Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:19

Армения чек ара чырынын курмандыктары 135 адамга жеткенин билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян азери-армян чек арасында болгон акыркы куралдуу кагылышууда Армения тараптан каза болгондор 135 адамга жеткенин билдирди. Бул тууралуу ал 16-сентябрда өкмөттүн жыйынында айтканын “Азаттыктын” армян кызматы жазды. Никол Пашинян курмандыктар боюнча бул акыркы сан эмес экенин, дагы бир топ киши жаракат алганын кошумчалады.

Армения менен Азербайжандын чек арасында 13-14-сентябрь күндөрү куралдуу кагылышуу болгон. Азербайжан андан 71 аскери каза тапканын билдирди. Бул үчүн эки тарап бири-бирин айыптап, 15-сентябрда эл аралык коомчулуктун кийлигишүүсү менен чек арада ок атышууну токтотууну макулдашкан.

Эки өлкө 2020-жылы Тоолуу Карабак аймагын талашып, катуу кагылышкан. Анда Армения төрт миңдей, ал эми Азербайжан үч миңдей жаранын жоготкону айтылган. Жаңжалда Азербайжан Тоолуу Карабактагы мурда Армения көзөмөлдөп турган бир нече районду жана Шуша шаарын кайтарып алган.

Көп өтпөй Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Орусиянын президенти Владимир Путин аталган чөлкөмдө ок атышууну токтотуу тууралуу келишимге кол коюшкан.

Ага ылайык, Армения менен Азербайжан макулдашууга кол коюлганга чейин өз аскерлери ээлеп турган аймактарды башкарып турмак болгон. Кесилишкен тилкени Орусиянын тынчтык орнотуучу күчтөрү кайтарып жатат.

Армения менен Азербайжан Тоолуу Карабакты талашып, алгач 1980-жылдары согушкан. Жикчил аймактагы 1988-1994-жылдардагы согушта 30 миңдей адам өлгөн, 100 миңден ашуун адам качкын болгон же жер которгон.

XS
SM
MD
LG