MegaCom Баткенде мобилдик байланышты акысыз кылды

Ок атылган аймактан коопсуз жакка качып бараткан эл. Баткен. 16-сентябрь, 2022-жыл.

MegaCom мамлекеттик байланыш оператору кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу Баткен облусунда телефон жана интернетти акысыз кылганын жарыялады. Бул аймакта кырдаал турукташканга чейин болот.

MegaCom компаниясынын кардарлары телефондон тармак ичинде акысыз, ал эми тармактан тышкары беш мүнөт акысыз чала алышат. 50 билдирүү жиберишсе болот. Мындан тышкары 1 Гб интернет акысыз берилет.

Кырдаал курчуган айрым аймактарда мобилдик байланыш үзгүлтүккө учураганын жергиликтүү тургундар билдиришүүдө.

Кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрда эртең менен кайрадан ок атышуу башталган.

Кыргызстандын Чек ара кызматы "тажик тарап буга чейинки макулдашууларды бузуп, Кыргызстандын чек арасынын бүткүл периметри боюнча чек ара жана жарандык объектилерге чыккынчылык менен кол салды", - деп айыптаган. Анда "Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасынын бардык периметринде атышуу уланып жатканын" белгилеген.

Буга чейин Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын атайын кызматынын башчысы Саймумин Ятимовдун жолугушуусу өтүп жатканы кабарланган.

Тажикстандагы "Ховар" маалымат агенттиги өлкөнүн Чек ара кызматына шилтеме кылып кыргыз чек арачылары таңкы саат 4төн тартып "Дүйшөмбү" чек ара бекетин, айрым калктуу конуштарды аткылай баштаганын, ок атышууну токтотпой жатканын жазды.

Reuters агенттиги тажик тараптан бир жайкын тургун мерт болгон, үчөө жараат алганын өз булактарына таянып жазды. Тажик бийлиги бул маалыматты ырастай элек.(ZKo)

Дагы караңыз

Чек арадагы соңку жагдайга байланыштуу медиа штаб түзүлдү Иран Шанхай кызматташтык уюмунун мүчөсү болдуКыргыз-тажик чек арасында кайрадан ок атылдыКыргыз-тажик чек арасындагы чырда бери дегенде 31 адам жараат алды УКМК тажик тарап тургундарды "тирүү" калкан катары колдонууда деп билдирдиАрмения чек ара чырынын курмандыктары 135 адамга жеткенин билдирдиЖККУнун баш катчысы менен кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал талкууланды