Аялдар жана кыздар үчүн SOS коопсуздук тиркемеси иштей баштайт

Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы нускама. Иллюстрациялык сүрөт.

Алдыдагы эки айда Кыргызстанда аялдардын жана кыздардын коопсуздугун камсыздоо үчүн SOS коопсуздук тиркемеси ишке кирет. Бул азырынча пилоттук түрдө ишке ашып жатканын ички иштер министринин орун басары Сүйүнбек Ниязбеков Жогорку Кеңештин "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын жыйынында билдирди.

Анын маалыматына караганда, коопсуздук тиркемеси Түркия полициясынын KADES деп аталган мобилдик тиркемесинин программасы менен иштейт. Долбоор Европа коопсуздук кызматташтык уюмунун колдоосу менен ишке ашууда.

Программа үй-бүлөлүк зомбулуктан жана зордуктун башка түрлөрүнөн кыз-келиндерди коргоо жана керектүү учурда жардам берүү максатында түзүлгөн.

SOS тиркемеси кол телефонго орнотулат. Ага геолокация функциясы кошулат, зарылчылык болгондо тиркемени басса жакынкы аралыктагы милицияга зомбулук тууралуу маалымат түшөт.

Кыргызстанда соңку кездери аялдарга жана балдарга карата жасалган зордук-зомбулук, үрөй учурган окуялар орун алып жатат. Ички иштер министрлигинин эсебинде, былтыр үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 10 миңден ашуун факт катталган.

Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индекстин (WPS) 2021-жылкы иликтөөсүндө Кыргызстан аялдар үчүн Борбор Азиядагы эң кооптуу өлкө деп табылган.(ZKo)

Дагы караңыз

Чек ара кызматы тажик тарап ок атышууну токтотпой жатканын билдирдиCOVID-19: Орусияга кирүү үчүн ПЧР-тест талап кылына баштадыКыргыз-тажик чек арасындагы чырда бери дегенде 31 адам жараат алды УКМК тажик тарап тургундарды "тирүү" калкан катары колдонууда деп билдирдиАрмения чек ара чырынын курмандыктары 135 адамга жеткенин билдирдиЖККУнун баш катчысы менен кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал талкууландыЧек арада ракеталык комплекс жана тик учактар колдонулганы кабарландыКазак парламенти Баш мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдү колдоду