Кыргыз-тажик чек арасындагы чырда бери дегенде 31 адам жараат алды

Баткендеги чек арадагы айылдардын бири. 15-сентябрь, 2022-жыл.

Саламаттык сактоо министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда саат 13.00гө карата жалпысынан бери дегенде 31 адам жараат алып ооруканага түшкөнүн, алардын саламаттыгы тууралуу кийинчерээк маалымат берилерин билдирди.

Мекеме аймактагы медициналык жайлар, "Тез жардам" кызматтары күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өткөнүн, ооруканаларда кандын запасы, дары-дармек жетиштүү экенин кабарлады.

Мунун алдында министрлик чыр чыккан аймакка зарыл болгон учурда чукул жөнөтүү үчүн түрдүү профилдеги дарыгерлерди чогултуп жатканы белгилүү болгон. Мекеме социалдык тармактардагы "дарыгерлер иш бөлмөсүнөн эле аэропортко жиберилип жатат" деген маалыматтарды жокко чыгарган.

Кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрда эртең менен кайрадан ок атышуу башталган.

Кыргызстандын Чек ара кызматы "тажик тарап буга чейинки макулдашууларды бузуп, Кыргызстандын чек арасынын бүткүл периметри боюнча чек ара жана жарандык объектилерге чыккынчылык менен кол салды", - деп айыптаган. Анда "Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасынын бардык периметринде атышуу уланып жатканын" белгилеген.

Буга чейин Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын атайын кызматынын башчысы Саймумин Ятимовдун жолугушуусу өтүп жатканы кабарланган.

Тажикстандагы "Ховар" маалымат агенттиги өлкөнүн Чек ара кызматына шилтеме кылып кыргыз чек арачылары таңкы саат 4төн тартып "Дүйшөмбү" чек ара бекетин, айрым калктуу конуштарды аткылай баштаганын, ок атышууну токтотпой жатканын жазды.

Reuters агенттиги тажик тараптан бир жайкын тургун мерт болуп, дагы үч адам жараат алганын өз булактарына таянып жазды. Бирок тажик бийлиги бул маалыматты ырастай элек.

Дагы караңыз

УКМК тажик тарап тургундарды "тирүү" калкан катары колдонууда деп билдирдиАрмения чек ара чырынын курмандыктары 135 адамга жеткенин билдирдиЖККУнун баш катчысы менен кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал талкууландыЧек арада ракеталык комплекс жана тик учактар колдонулганы кабарланды