ЖККУнун баш катчысы менен кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал талкууланды

ЖККУга мүчө мамлекеттердин туулары. Москва. ЖККУ Саммити. Май, 2022-жыл.

Жамааттык коопсуздук кызматташтык уюмунун (ЖККУ) баш катчысы Станислав Зась бүгүн, 16-сентябрда Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов жана Тажикстандын Коопсуздук кеңешинин башчысы Насрулло Махмудзода менен телефон аркылуу сүйлөштү. Анда кыргыз-тажик чек арасындагы кескин курчуган кырдаал тууралуу сөз болду.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар аймакта ок атышууну чукул токтотуп, маселелерди тынч жол менен чечүү үчүн сүйлөшүү жүргүзүүсү зарылдыгын айтышты.

Бул тууралуу ЖККУнун Телеграмм-каналына жарыяланды.

ЖККУга Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан мүчө. Өзбекстан уюмдан чыгып кеткен.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында кырдаал 14-сентябрдан бери тынчыбай келет. Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, 14-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы үч жерде Булак-Башыда, Как-Сай жана Паскы-Арык аймагында ар кайсы убакта ок атылды. Натыйжада кыргыз тараптан үч адам жаракат алган, бири 11 жаштагы бала.

“Озоди” радиосу 14-сентябрда Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында болгон атышууда эки тажик аскери набыт болуп, 11 адам жаракат алганын ар кайсы булактарга таянып жазды. Маалыматка караганда, жаракат алгандардын ичинен алтоо чек арачылар, бешөө жайкын тургундар. Алардын баары ооруканага жеткирилип, дарыгерлердин көзөмөлүнө алынган.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 16-сентябрда таңкы саат 6да тажик тарап ок атышууну баштаганын билдирген. Анда атайын билдирүү таратып, "тажик тарап буга чейинки макулдашууларды бузуп, Кыргызстандын чек арасынын бүткүл периметри боюнча чек ара жана жарандык объектилерге чыккынчылык менен кол салды", - деп айыптаган. Анда "Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасынын бардык периметри боюнча атышуу уланып жатканын" белгилеген.

Тажикстандагы "Ховар" маалымат агенттиги өлкөнүн Чек ара кызматына шилтеме кылып кыргыз чек арачылары таңкы саат 4төн тартып "Дүйшөмбү" чек ара бекетин, айрым калктуу конуштарды аткылай баштаганын жазды.

Reuters агенттиги тажик тараптан бир жайкын тургун мерт болуп, дагы үч адам жараат алганын өз булактарына таянып жазды. Бирок тажик бийлиги бул маалыматты ырастай элек.(ZKo)

Дагы караңыз

Баткенге жардам берүүнү талап кылгандар ЖК төрагасы менен жолугат Баткенге кошумча дарыгерлер жиберилиши мүмкүнКыргыз-тажик чек арасы: тургундар коопсуз жайга чыгарылуудаАк үйдүн алдына Баткенге жардам берүүнү талап кылгандар чогулду Кыргызстандын ТИМи расмий Дүйшөмбүгө нота тапшырдыЧек арадагы жаңжал: Ташиев менен Ятимовдун жолугушуусу башталды