Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:07

Кыргызстандын ТИМи расмий Дүйшөмбүгө нота тапшырды


Кыргыз-тажик чек арасында ок атылган аймактар. 16-сентябрь, 2022-жыл.
Кыргыз-тажик чек арасында ок атылган аймактар. 16-сентябрь, 2022-жыл.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын Тышкы иштер министрлигине нааразылык нотасын тапшырды.

Анда Тажикстан 16-сентябрда мурда жетишилген келишимдерди бузуу менен, чек арага алдын ала аскерлерин жайгаштырып, куралдуу күчтөрүн, оор аскер техникаларын колдонуп, Кыргызстандын чек арасынын бүткүл периметри боюнча чек ара жана жарандык объектилерин аткылаганы тууралуу айтылган.

Нотада кыргыз тарап Тажикстанды бардык эки тараптуу келишимдерди аткарууга, ок атууну токтотууга, чек арада абал курчуп кетишине алып келүүчү кырдаал жаратпоону талап кылууда.

"Чек арадагы бардык маселелер саясий-дипломатиялык жолдор менен чечилүүгө тийиш" деп жазылган маалыматта.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 16-сентябрда тажик тарап ок атышууну баштаганын билдирген. Анда атайын билдирүү таратып, "тажик тарап буга чейинки макулдашууларды бузуп, Кыргызстандын чек арасынын бүткүл периметри боюнча чек ара жана жарандык объектилерге чыккынчылык менен кол салды", - деп айыптаган. Анда "Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасынын бардык периметри боюнча атышуу уланып жатканын" белгилеген.

Тажикстандагы "Ховар" маалымат агенттиги өлкөнүн Чек ара кызматына шилтеме кылып кыргыз чек арачылары таңкы саат 4төн тартып "Дүйшөмбү" чек ара бекетин, айрым калктуу конуштарды аткылай баштаганын жазды.

15-сентябрда, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын Чек ара кошуундарынын башчысы Ражабали Рахмонали Баткендеги Төрт-Көчө аймагында жолуккан. Атайын кызмат бул сүйлөшүү тууралуу кеңири маалымат берген эмес.

Ташиев жергиликтүү журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, кыргыз-тажик чек арасында кырдаал тынч экенин, ошол эле учурда чыңалуу бар экенин айткан. Тажик тараптан Кыргызстандын жарандык обьектилерине ок атылганын сынга алган.

Тажик бийлиги чагым тууралуу дооматтарга үн ката элек.(ZKo)

XS
SM
MD
LG