Америка Кошмо Штаттарынын Коргоо министрлиги Украинага 600 миллион долларга бааланган аскердик жардамдын жаңы пакетин жарыялады. Анда HIMARS жапырт аткылоочу реактивдүү системасы үчүн кошумча ок-дарылар, артиллериялык снаряддар, артиллерияга каршы төрт радар, учкучсуз учуучу аппараттарга каршы системалар, минадан тазалоочу жабдуулар жана башка аскердик курал-жарак бар.
Жо Байден бийликке келгенден бери АКШ Украинага баш-аягы 15,8 миллиард доллардай жардам берди. Кошмо Штаттары 2014-жылдан бери Украинага коопсуздугун камсыздоо үчүн болжол менен 17,9 миллиард доллар, ал эми Орусия 24-февралда согуш ачкандан кийин 15 миллиард доллардан ашык жардам көрсөттү.
Орусия Украинага согуш ачкандан бери Батыш өлкөлөрү украин куралдуу күчтөрүнө аскердик жардам берип келет. Украина АКШ жөнөткөн HIMARS жапырт аткылоочу реактивдүү системаларын фронтто ийгиликтүү пайдаланууда.
Быйыл 24-февралда Орусия Украинага басып кирген. Орусиянын президенти Владимир Путин Украинаны “демилитаризациялоо” жана “денацификациялоо”, ошондой эле өздөрүн “Донецк Элдик Республикасы” ("ДНР"), “Луганск Элдик Республикасы” ("ЛНР") деп атап алган жикчил түзүмдөрдүн тургундарын “геноцидден” бошотуу зарыл экенин жарыялаган. Бирок анын жөнүн так түшүндүргөн эмес.
Дагы караңыз
Баткенге кошумча дарыгерлер жиберилиши мүмкүнКыргыз-тажик чек арасы: тургундар коопсуз жайга чыгарылуудаКыргызстандын ТИМи расмий Дүйшөмбүгө нота тапшырдыЧек ара: Булак-Башы аймагында дагы бир жерде өрт чыкты Баткен: Рават айылына 10 миңден ашуун адам эвакуацияландыЧек ара кызматы тажик тарап ок атышууну токтотпой жатканын билдирди