COVID-19: Орусияга кирүү үчүн ПЧР-тест талап кылына баштады

Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын аэропортторунда сырттан учуп келгендерден ПЧР-тесттин жыйынтыгы талап кылына баштады. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, бул талап Евразия экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн (Беларустан тышкары) жарандарына да тиешелүү.

Ал эми Орусияга унаа менен барган кыргызстандыктардан ПЧР-тест талап кылынбайт.

Кыргызстанда коронавируска жалпы 205 920 адам чалдыккан.

2019-жылы Кытайдын Ухань шаарында пайда болгон вирус кыска убакытта дүйнөгө тарап, жалпысынан ооруга 610 млн 946 миң 160 киши чалдыкты. 6,5 млн ашуун адам илдеттен көз жумду.(ZKo)

Дагы караңыз

Кыргызстандын ТИМи расмий Дүйшөмбүгө нота тапшырдыЧек ара: Баткендеги эки айыл жаңыдан курулатЧек арадагы жаңжал: Ташиев менен Ятимовдун жолугушуусу башталдыЧек арадагы кырдаал: Жогорку Кеңеш чукул жыйынга чогулат Баткен: Рават айылына 10 миңден ашуун адам эвакуацияланды