Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 15-сентябрда Баткенге барды.
Атайын кызматтын жетекчиси учурда облус жетекчилиги жана күч түзүмдөрүнүн башчылары менен жыйын өткөрүп жатат. Ага журналисттер киргизилген жок.
УКМКнын басма сөз кызматы Ташиевдин Баткенге сапары тууралуу азырынча маалымат бере элек.
Расмий Бишкектин маалыматына караганда, 14-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы үч жерде ар кайсы убакта ок атылган. Кыргызстандын Чек ара кызматы саат 08:10до Булак-Башыда, 14:00дө Как-Сай, 15:08де Паскы-Арык аймагында атышуу болгонун кабарлаган.
Кыргызстандын Чек ара кызматы атышуу учурунда тажик тараптан кара кийимчен, сакалчан адамдар эл жашаган аймактарды, үйлөрдү минемот менен аткылашканы өзгөчө кабатырлантып жатканын белгилөөдө.
Бишкек кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы чыр-чатакта Кыргызстан тараптан жалпысынан беш адам жараат алганын, алардын экөө аскер кызматкери, үчөө жай тургундар экенин кабарлаган.
Саламаттык сактоо министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы чатактан 11 жаштагы бала жараат алганын маалымдаган. Ал октон жаагынан жана сол ийнинен жараат алган. Абалы орточо оор деп бааланууда.
Тажикстандагы "Ховар" маалымат агенттиги өлкөнүн Чек ара кызматына шилтеме кылып, Булак-Башыда "кыргыз чек арачылары биринчи ок чыгарганын, кошумча күч жана каражат алып келгенин" жазган.
Тажик бийлиги чек арадагы окуялар боюнча расмий комментарий бере элек.
"Озоди" радиосу " өз булактарына таянып тажик тараптан эки чек арачы каза таап, 11и жаракат алганын кабарлады.
"Азия-Плюс маалымат агенттиги Исфара районундагы Ворух айылындагы булактарына таянуу менен жараат алгандардын алтоо чек арачы, бешөө жергиликтүү жашоочу экенин кабарлады" деп жазды "Озоди" радиосу.(ZKo, JsA)