Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:30

Абдуллаевдин өкмөткө өткөн акчасы, ишкерлердин кооптонуусу


Журат Абдуллаевдин үйүн жана кеңсесин тинтүүдө алынган акчалар. Бишкек. Август, 2022. (Сүрөт УКМКга таандык).
Журат Абдуллаевдин үйүн жана кеңсесин тинтүүдө алынган акчалар. Бишкек. Август, 2022. (Сүрөт УКМКга таандык).

Улуттук коопсуздук комитети мыйзамсыз курал сактоого шек саналып камалган ишкер Журат Абдуллаевдин үйүн жана кеңсесин тинтүү маалында алынган 822 миллион сому мамлекетке чегерилип, сот чечими менен ага 100 миң сом айып пул салынганын кабарлады.

Ал арада бизнес коомчулук акыркы убакта ишкерлерге кысым күчөгөнүн, бул мыйзамдуу жана ачык иштеген ишкерлердин, инвесторлордун өлкөдөн чыгып кетишине алып келерин эскертти.

Биринчи май райондук соту 12-сентябрда Журат Абдуллаевдин ишин карап, мыйзамсыз курал сактоого күнөөлүү деп тапты жана ага 100 миң сом айып пул салды.

Бул тууралуу аталган соттун маалымат кызматы "Азаттыкка" билдирди.

"Биринчи май райондук соттун өкүмү менен Журат Абдуллаев Кылмыш кодексинин 267-беренеси (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) менен күнөөлүү деп табылды. Ага мамлекеттин пайдасына 100 миң сом төлөө милдеттендирилди".

Сот чечимине ылайык, Журат Абдуллаев сот залынан бошотулду Ишкер Журат Абдуллаев жана анын жакындары буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

13-сентябрда УКМК Журат Абдуллаевдин кармалганда алынган 800 миллиондон ашык сому мамлекеттик бюджетке, куралдары Ички иштер министрлигине өткөрүлгөнүн маалымдады. Анда мыйзамсыз курал сактоого шек саналган бизнесмен "айыбын мойнуна алганы" да айтылат.

"Козголгон кылмыш ишинин алкагында бюджетке 800 миллион сомдон ашык акча чегерилди. Тергөөнүн жүрүшүндө айыпталуучунун демилгеси менен ага коюлган кылмышты мойнуна алуу тууралуу келишим түзүлгөн", - деп жазылган маалыматта.

"Мамлекет ишкерди карактагандай эле көрүнүш"

Айрым эксперттердин пикиринде, Абдуллаевдин окуясы бизнес коомчулукту кооптонтуп койду.

Юрист Нурсултан Акылбек күч түзүмдөрүнүн айыптаган тараптын ордун басканы опурталдуу жагдай экенин белгиледи.

Нурсултан Акылбек
Нурсултан Акылбек

"Журат Абдуллаев - ишкер. Сот аны 267-берене ("Мыйзамсыз курал жүгүртүү") менен күнөөлүү деп чечкен күндө да, эмнеге 800 миллиондон ашык сомун жана курал-жарагын УКМК жайгарып жатат? Соттун чечиминде болгону 100 миң сом айып пул тууралуу гана айтылды. УКМК ишкерди кайсы бир кылмыш ишине шек санап, кармады, камады. Айыпты мамлекеттик айыптоо же прокуратура коет. Прокуратура ишкердин акчасын мамлекетке өткөрүп берүүнү кантип мыйзамдаштырды, ошону түшүндүрүп бериши керек эле. Бул жерде бизнесмен өзүнүн эркиндигин сатып алгандай, ал эми мамлекет ишкерди карактагандай эле көрүнүш болуп жатат".

УКМК 19-августта Абдуллаев мыйзамсыз курал-жарак, ок-дары жана жардыруучу зат сактаган деген айып менен кармалганын билдирген. Анда кылмышка шектүүнүн үйүн жана иштеген жерин тинткенде "БРДМ-2" үлгүсүндөгү аскер техникасы, танктын үстүнө орнотулган "Калашников" үлгүсүндөгү пулемет жана бир топ курал-жарак, ок-дары, жардыруучу зат алынганы айтылган.

Атайын кызмат көп өтпөй ишкердин үйүн жана иштеген кеңсесин тинткен кезде маңзат жана ар кандай валютада жалпысынан 822 миллион сомдой акча алынганын кабарлаган.

Сүт азыктарын чыгарган "Үмүт жана Ко" фирмасынын, Токмоктогу "Гавайи" ири эс алуу жайынын кожоюндарынын бири катары белгилүү Журат Абдуллаев камалганда коомчулукта муну бизнеске кысым катары кабыл алгандар да болгон.

"Ишкер экономиканы өнүктүрүүчү күч экенин бийлик түшүнбөй жатат"

Жаш ишкерлер ассоциациясынын (ЖИА) негиздөөчүлөрүнүн бири, эксперт Руслан Акматбек Абдуллаевдин ишине байланышкан көрүнүштү ишкерликке бут тосуу деп баалады.

Руслан Акматбек
Руслан Акматбек

"Журат Абдуллаевди "курал сактайт, камуфляж кийип жүрөт" деп коомго мокочо көрсөтүп, анын күнүмдүк айлантуудагы акчасын чоң бир олжо таап алгансып, жарыялашты. Анын кеңсесинен табылган акча бул - сүрөтчүнүн бөлмөсүнөн боёк менен сүрөт таап алгандай эле иш да. Акча болбосо кантип ишкерлик болот? Тилекке каршы, азыркы бийлик да ишкерди өлкөнүн өнүгүүсүнө түрткү, төлөгөн салыгы жана төлөмдөрү менен мамлекеттик бюджетти толтуруучу, элди жумуш менен камсыз кылуучу иш орундарын түзгөн адамдар катары кабыл албай жатат".

Журат Абдуллаевге байланыштуу сот чечимин сынга алып, мындай чечимдер сырттан келүүчү инвесторлорду коркутат деп тынчсызданган ишкерлер да бар.

Алардын бири альтернативдүү электр энергиясын өнүктүрүүчү "Винд Систем" ишканасынын жетекчиси Кундус Кырбашева ансыз да бюрократия маселеси кендирди кесип жаткан кезде сот тарабынан ишкерликке бут тосуу инвесторлорду кооптондурат деди.

Кундуз Кырбашева
Кундуз Кырбашева

"Чоң иште ири суммадагы акча айланып турат. Он жылдап ишкерлик кылган адамда андай көлөмдө акча сөзсүз болот. Чоң ишкерлердин акчасына, ишине байланыштуу кылмыш иши козголсо, башка ишкерлерге да терс таасирин тийгизет. Себеби, бизде да көп акча сарпталган, арбын инвестиция салынган долбоорлор бар. Мындай кабарларды биздин инвесторлор, өнөктөштөр бизге да жиберип, тынчсызданып турушат. "Сот чекит койгондо билинет" деп жооп бергенден башка аргабыз жок. Анткени биздин аракетибиз - Кыргызстандын инвестициялык климатын коргоо. Сырттан келген акчанын агымын токтотпоо. Соңку 30 жылдан бери ишкерлер көп окуяларды баштан кечирди. Ири ишин тарттырып жибергендер болду. Анын баарын коомчулук көрүп-билип турат".

Журат Абдуллаевге карата сот чечимин улай эле Кыргызстандагы Бизнес-акыйкатчы билдирүү таратты. Анда президенттин ишкерликти колдоо тууралуу жарлыгына карабай, бизнесмендерге кысым уланып жатканы айтылган.

"Президент Садыр Жапаровдун 2021-жылдын башында ишкерлерди, инвесторлорду колдоо, менчигин коргоо, укук коргоо, фискалдык жана көзөмөлдөөчү органдардын негизсиз кийлигишүүсүн болтурбоого байланыштуу жарлыгына карабай, терс фактылар орун алып жатат. Бизнеске ашыкча басым-кысым жасоо уланууда. Бул азыркыдай каатчылык маалында ишкер чөйрөгө жана инвестицилык климатка терс таасирин тийгизиши мүмкүн", - деп жазылган кайрылууда.

Ошентсе да Кыргызстанда ишкерлик кылууга жакшы шарт түзүлүп, салык жана башка төлөмдөр жагынан кыйла жеңилдиктер берилгенин белгилеген ишкерлер да жок эмес.

Ош шаарындагы жеке ишкер Айдар Бакыев ишкерликке Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинде Кыргызстанда гана ыңгайлуу шарттар түзүлгөн деген пикирин айтты.

Айдар Бакыев
Айдар Бакыев

"Мен 20 жылдан ашык убактан бери ишкерлик менен алектенип келем. Жеке тажрыйбамда Өзбекстанга, Тажикстанга, Казакстанга, ал тургай Орусияга чейин барып, ишкердик кылуунун жолдору менен көп тааныштым. Бирок биздегидей либералдуу салык саясаты, ишкерликти ачуудагы жеңилдиктер башка жактарда жок. Ошого карабай, айрым кирешесин жашырган, көмүскөдө иштеген ишкерлерибиз да жок эмес. Мисалы, тигүү тармагын эле өкмөт бир нече жолу көмүскөдөн чыгарууга аракет кылды. Биздеги элдин экономикалык абалынан улам, товарын кымбат сата албаган ишкерлерибиз да көп. Аларды да түшүнүүгө болот. Бирок бул салыкты жашырууга же көмүскөдө иштөөгө негиз болбошу керек".

Кыргызстанда акыркы жылдары айрым кирешелүү делген ири бизнестин өкүлдөрү коррупцияга жана экономикалык иштерге байланыштуу кармалып, камакка алынган окуялар орун алды.

Мурдарак Бишкектеги "Спекулянт", "Нават" сыяктуу соода-ашкана түйүндөрүнө жана "Элит Хаус" курулуш компаниясына байланыштуу кылмыш иштери козголгон. Алардын жетекчилерине мөөнөтү өтүп кеткен азык-түлүктү сатыкка чыгаруу, аткезчилик жана жер тилкелерине мыйзамсыз курулуш иштерин жүргүзүү сыяктуу айыптар коюлган. Бирок көпчүлүгү акчалай айып төлөп, ишти тергөө токтотулган.

Президент Садыр Жапаров 2021-жылдын башында алгач "Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө", андан кийин "Ишкердик субъектилерин коргоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө" жарлык чыгарган. Анда мамлекеттин ишкерликке кийлигишүүсүн азайтуу, жөнгө салуу реформаларын жүргүзүү, лицензияларды бере турган бирдиктүү органды камсыздоо жана бизнеске тоскоолдуктарды алып салууга байланыштуу чаралар жазылган.

Өкмөт бул жаатта аткарылган иштерге байланыштуу маалымат жана сын-дооматтарга азырынча жооп бере элек.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG