"Манас" аэропорту: чемпион балбандарды тосуп алуу аземи өттү

Чемпиондор: Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков жана Амантур Исмаилов. Бишкек. 15-сентябрь, 2022-жыл.

Сербиядагы грек-рим күрөшү боюнча Дүйнөлүк чемпионатта алтын медал алган кыргызстандын спортчулар Акжол Махмудов жана Жоламан Шаршенбеков, ошондой эле коло байге уткан Амантур Исмаилов Кыргызстанга кайтып келди.

Алар отурган учак 15-сентябрдын таңында "Манас" эл аралык аба майданына конду. Чемпиондорду аэропорттон жакындары, күйөрмандары жана мамлекеттик кызматкерлер тосуп алышты.

Күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 18-сентябрга чейин уланат.

Алдыда эркин күрөштөн таймаштар бар.

Кыз-келиндер күрөшү боюнча беттештерде Дүйнөнүн эки жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова коло байге үчүн таймашта украиналык Илона Пркопевнюкка бир упайдын айырмасында жеңилди (7:8). Ал эми Дүйнө чемпиону Мээрим Жуманазарова менен Дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси Айпери Медет кызы алгачкы беттештеринде атаандаштарына утулуп, мелдештен четтеп калды.

Дагы караңыз

Кыргыз-тажик чек арасында кырдаал тынчАкордо: Си Цзиньпин Казакстандын аймактык бүтүндүгүн колдоону убада кылдыЧек ара чатагында жараат алган 11 жаштагы баланын абалы орточо оор экени айтылдыЭнергетика министри Бекмурзаев кызматынан убактылуу четтетилди"Кумтөр" чыры: Тенгиз Бөлтүрүк эки айга камалды"Жоламан үчүн ата конуштан жер которгонбуз". Дүйнө чемпиону жеткен ийгилик Руслан Бекназаров саясий жүйө менен камалдыбы?