Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:18

Акордо: Си Цзиньпин Казакстандын аймактык бүтүндүгүн колдоону убада кылды


Кытайдын лидери Си Цзиньпин (солдо) жана Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев. Астана аба майданы. 14-сентябрь, 2022-жыл.
Кытайдын лидери Си Цзиньпин (солдо) жана Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев. Астана аба майданы. 14-сентябрь, 2022-жыл.

14-сентябрда Казакстанга мамлекеттик сапар менен келген Кытайдын лидери Си Цзиньпин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушту. Акордонун маалымат кызматы кабарлагандай, жолугушууда Си Цзиньпин кытай бийлиги Казакстан менен мамилесине өзгөчө көңүл бурарын айтты.

Ал "эл аралык конъюнктура кайсы жагына өзгөрбөсүн Бээжин Казакстандын эгемендигин, суверендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн чечкиндүү колдоону" улантарын билдиргенин расмий басма сөз кызматы маалымдады.

Жолугушуунун соңунда эки өлкөнүн дипломаттык алака-катышынын 30 жылдыгына карата чогуу билдирүүгө кол коюшту.

Расмий маалыматка караганда, Кытай Казакстандын экономикасына ондогон миллиард доллар инвестиция салган. Анын ичинде Казакстан Бээжиндин инфраструктуралык "Бир алкак - бир жол" долбоорунун башталгыч аянтчасы болгон. Эксперттер Кытайды Казакстандын жаратылыш ресурстары кызыктырарын айтышат. Казакстан Кытайга мунай, газ жана уран сатат.

Эки лидер 15-16-сентябрь күндөрү Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Өзбекстандын Самарканд шаарындагы жыйынына катышат.

XS
SM
MD
LG