Башкы прокуратура: Энергетика министрлигинин кызмат адамдарына 32 иш козголду

Иллюстрациялык сүрөт.

Өлкөнүн Башкы прокуратурасы Энергетика министрлигинин жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүндөгү айрым кызмат адамдары тарабынан жасалган кылмыштарга байланыштуу 32 иш козголуп, жалпы мамлекетке келтирилген чыгым 889 млн. 54 миң 197 сом деп эсептелгенин маалымдады.

Көзөмөл орган текшерүүнүн алкагында, энергетика тармагындагы кызмат адамдарынын коррупциялык аракеттери, эмгек кодекси, сатып алуулар, тийиштүү мыйзамдардын талаптарын сакталышы иликтегенин билдирди. Башкы прокуратура Энергетика министрлигинде жана анын түзүмдүк уюмдарында мыйзамдар, президенттин жарлыктары, Коопсуздук кеңешинин чечимдеринин талаптары бузулганы аныкталганын кабарлады.

Нормативдик укуктук актылардын талаптары бузулгандыгы боюнча прокуратура органдары тарабынан 132 прокурордук чара көрүү актысы киргизилип, мамлекетке 22 млн. 150 миң 218 сом өндүрүлгөн.

Кылмыш иши козголгон Доскул Бекмурзаев энергетика министри кызматынан убактылуу четтетилди. Башкы прокуратура ага "кызмат абалынан кыянат пайдаланган" деген негизде эки кылмыш иши козголгонун 13-сентябрда билдирген. Прокуратуранын маалыматында министр тармакта адис эмес кызматкерлерди чет өлкөгө жиберип, мамлекеттин каражатын сарптаганы, курулуш иштеринен 15 миллион сомдон ашык зыян келтиргени айтылат.

Бекмурзаев өзүнө карата козголгон кылмыш иштерин “атымды каралоо үчүн жасалган кыңыр иш” деп баалады. Ал 13-сентябрда Фейсбуктагы баракчасы аркылуу кайрылуу жасап, мамлекет башчынын тапшырмасы менен энергетика тармагын реформа жасоого аракет кылып жатканын айткан.

Бекмурзаев 2021-жылдын июнь айында министрлик кызматка дайындалган учурда кыска аралыкта энергетика тармагын түп-тамырынан бери реформалай турганын жарыялаган. (TSh)

Дагы караңыз

Бекназаров экстремисттик материалдарды тараткан деп шек саналуудаКыргыз тарап чек арадагы ок атууда эки жаран жаракат алганын билдирди Кыргыз-тажик чек арасында ок атышуулар токтогону кабарландыЭнергетика министри Бекмурзаев кызматынан убактылуу четтетилди