Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:52

Бекназаров экстремисттик материалдарды тараткан деп шек саналууда


Руслан Бекназаров.
Руслан Бекназаров.

Бишкектеги Свердлов районунун акиминин орун басары Руслан Бекназаров экстремисттик материалдарды тараткан деп шек саналып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бул тууралуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) кабарлады.

Милициянын кабарлашынча, ИИМдин Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин “Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу” беренеси менен козголгон ишти тергеп жатат. Ишке байланыштуу Руслан Бекназаров суракка чакырылган.

“Социалдык тармактарда интернет мейкиндигине мониторинг жүргүзүү учурунда "Хизб-ут-Тахрир ал-Ислами" кыймылынын тыюу салынган экстремисттик-террордук уюмунун идеологиясын пропагандалоочу материалдарды тараткан жана жарыялаган аккаунт аныкталган”, - деп айтылат министрдин маалыматында.

Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси, саясатчы Азимбек Бекназаров баласы Русландын экстремизмге шек саналып жатышын өзүнүн оппозициялык ишмердүүлүгү менен байланыштырды. Ал баласынын эч кандай күнөөсү жок деп эсептейт.

Руслан Бекназаров Бишкектеги Свердлов районунун акиминин орун басары болуп иштеп жаткан жана бул кызматка ушул жылдын июнь айында дайындалган. Ал 2019-2020-жылдары президенттин аппаратында иштеген. Ага чейин Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районундагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болгон. Соңку парламенттик шайлоого "Азаттык" партиясынын тизмеси менен катышкан. (TSh)

XS
SM
MD
LG