Оппозиция Кумтөр боюнча комиссияны жетектөөнү сунуштады

Кумтөр.

Оппозициялык "Бириккен демократиялык кыймыл" (БДК) Кумтөр маселеси боюнча бийлик жетекчилеринин комиссия түзүү демилгесин колдоп, өз сунуштарын жарыялады.

"Комиссиянын курамына кирип, ачык-айкын, документтерге толук жетишүүнүн негизинде иштеп, коомчулукка толук маалымат берүүгө жана президент Садыр Жапаровдун сунушу боюнча комиссияны жетектегенге даярбыз", - деп айтылат билдирүүдө.

Оппозициялык кыймыл комиссия мүчөсүнө Кеңешбек Дүйшөбаев, Клара Сооронкулова, Равшан Жээнбеков, Рита Карасартова, Айбек Теңизбаевди сунуштаган.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Кумтөр Голд Компани" компаниясынын мурдагы убактылуу тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктүн камалышы тууралуу "Азаттыкка" комментарий берип жатып, "оппозициянын сунуштарын күтүп жатабыз" деген болчу.

Башкы прокуратура 13-сентябрда Бөлтүрүк "Кумтөрдөгү" коррупцияга байланыштуу камалганын билдирген. Аны менен кошо жабдуу боюнча адис Айша-Гүл Фронтбек кызы Жаналиева, каржы башкармалыгынын директору Рыспек Токтогулов кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Буга чейин Башкы прокуратура "Кумтөрдү" текшерүүдө, ишкананын кызмат адамдарынын коррупциялык схемасынын натыйжасында мамлекетке бир миллиард сомго жакын зыян келтирилгени аныкталганын маалымдаган.

Башкы прокуратура "Кумтөрдү" августта текшере баштаган. Учурда үч кылмыш иши козголгону белгилүү болду.

"Центерра Голд" компаниясы башкарып келген Кумтөр кенин Кыргызстандын бийлиги 2021-жылдын май айында өз карамагына алган.

Кийин "Центерра Голд" компаниясынын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Тенгиз Бөлтүрүк "Кумтөр Голд Компани" ишканасына убактылуу сырттан башкаруучу болуп дайындалган.

2022-жылы февралда ишкананы убактылуу тышкы башкаруу укугу жаңы түзүлгөн "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингине берилген. Ошол эле кезде Бөлтүрүк бул холдингдин жетекчиси бойдон калган. (TSh)

Дагы караңыз

Кыргызстандын Чек ара кызматы эки аскер жарадар болгонун билдирдиАзери-армян чек арасындагы кагылышууда Азербайжандын 50 аскери набыт болдуӨзбекстан Украинадагы согушта кармалган өзбектер боюнча Киевге нота жөнөттүБаткен: кыргыз-тажик чек арасындагы Булак-Башы аймагында ок атылды Акылбек Жапаров: Бөлтүрүк тууралуу акыркы чечимди сот чыгарат