Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:40

Кыргызстандын Чек ара кызматы эки аскер жарадар болгонун билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматы кыргыз-тажик чарасындагы чатактан эки аскер жарадар болгонун билдирди.

Чек ара кызматы тараткан маалыматка караганда, минометтун минасынан бир чек арачы жеңил жараат алган. Экинчиси контузия алган. Аларга медициналык жардам көрсөтүлүп, дарыгерлердин көзөмөлүндө турат. Алардын абалы канааттандыраарлык деп бааланууда.

Чек ара кызматынын билдиришинче, 14-сентябрда эртең менен Булак-Башыдагы тактала элек аймакка ("Капчыгай" чек ара бекетинин аймагы) Тажикстандын "Кех" бекетинин чек арачылары куралчан кирип келген. Алар чек арачылардын талабына баш ийбей койгондо кыргыз тарап эскертүү иретинде асманга үч жолу ок чыгарган. Ошол замат ортодо атышуу башталган. Кыргыз тараптын билдиришинче, "тажик чек арачылары миномет" колдонгон.

Тажикстандагы "Хобар" маалымат агенттиги коңшу өлкөнүн Чек ара кызматына шилтеме кылып, "кыргыз чек арачылары биринчи ок чыгарганын, кошумча күч жана каражат алып келгенин" жазган.

"Озоди" радиосу өз булактарына таянып бир жоокер мерт болуп, эки жаран жаарат алганын билдирди. Тажикстан бул боюнча расмий маалымат бере элек.

Булак-Башы аймагында чек арада соңку ирет 14-июнь күнү таңга жуук ок атылган. Буга байланыштуу тараптар бири-бирин күнөөлөгөн. Тажик тарап бир жараны жараат алганын билдирген.

Булак-Башы айылы Тажикстандын Кыргызстандагы Ворух анклавы менен чектешкен аймакта жайгашкан. Ворухтан сырткары Кыргызстанда бул өлкөнүн Кайрагач деген анклавы да бар.

Кыргыз-тажик чек арасы жалпысынан 972 чакырым. Анын 664 чакырымы такталганын Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 16-апрелде Фейсбуктагы расмий баракчасына жазган. 17-апрелде Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Исфара районундагы сапарында бул маалыматты ырастаган.

Чек араны тактоо иштери 2002-жылы башталган. Такталбаган тилкеде тынымсыз жаңжал чыгып турат. (TSh)

XS
SM
MD
LG