Дүйшөмбү шаарында сот Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин 72 жаштагы ардагери, мурдагы журналист Мамадсултон Мавлоназаровду жети жылга абакка кести. Сот аны “конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө чакырык жасап, бийлик өкүлүн кемсинткен” деп тапты. Ал 16-июнда кармалган. Бул тууралуу “Азаттыктын” тажик кызматы билдирди.
Мухаммади Султон деген ат менен белгилүү Мамадсултон Мавлоназаров социалдык тармактарда Тажикстандын бийлигин жана Улуттук коопсуздук комитеттин жетекчилигин сындап келген. Анын жакындары ал өзүнө тагылган айыпты четке какканын билдиришти.
Ал май айында Тоолуу Бадахшан автоном облусунда болгон башаламандыкты чагылдырып, Тажикстандын күч түзүмдөрүнүн Рушан аймагындагы “антитеррордук” операциясына каршы чыккан. Расмий маалыматтарда анда 16 адам каза тапкан. Көз карандысыз булактардын эсебинде 40ка жакын киши набыт болгон.
Эл аралык уюмдар жана Батыш өлкөлөрү нааразылык акцияларынын күч менен басылышына тынчсыздануусун билдирип, Тажикстандын бийлигин Тоолуу Бадахшандын тургундарынын укуктарын жана эркиндиктерин урматтоого чакырган.
Дагы караңыз
Руслан Бекназаров милицияга сурак берип жатканы кабарландыАзери-армян чек арасындагы кагылышууда Азербайжандын 50 аскери набыт болдуӨзбекстан Украинадагы согушта кармалган өзбектер боюнча Киевге нота жөнөттүБулак-Башы: ок атылган аймактагы жайыт өрттөнүп жатат Чек ара кызматы: Булак-Башыда ок атышуу токтоду, кырдаал чыңалып турат