Бул тууралуу Баткен облусундагы Жайыт комитетинин башчысы Меңдибай Зикираев "Азаттыкка" билдирди. Анын ырасташынча, тажик тараптан минометтен ок атылган жерде өрт тутанып, 20 гектардай жайыт күйүп кетти. Учурда өрт толук өчүрүлө элек, эки аскер жана төрт чабан аны өчүрүүгө аракет кылып жатат.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Алим Токторов өрт өчүрүүгө үч машина даяр турганын, кырдаал чыңалып тургандыктан, сүйлөшүүлөр бүтө электигине байланыштуу ал аймакка бара албай жатышканын "Азаттыкка" кабарлады.
Мунун алдында Баткен облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаалга байланыштуу Тажистандын Согд облусунун губернатору Ражаббой Ахмадзода жолугарын билдирген.
Кыргызстандын Чек ара кызматынын билдиришинче, 14-сентябрда эртең менен Булак-Башыдагы тактала элек аймакка ("Капчыгай" чек ара бекетинин аймагы) Тажикстандын "Кех" бекетинин чек арачылары куралчан кирип келген. Кыргыз чек арачыларынын чыгып кетүү талабына баш ийбегендиктен кыргыз тарап эскертүү иретинде асманга үч жолу ок чыгарган. Ошол замат ортодо атышуу башталган. Кыргыз тараптын билдиришинче, "тажик чек арачылары миномет" колдонгон.
Тажикстандагы "Хобар" маалымат агенттиги өлкөнүн Чек ара кызматына шилтеме кылып, "кыргыз чек арачылары биринчи ок чыгарганын, кошумча күч жана каражат алып келгенин" жазган.
"Озоди" өз булактарына таянып бир жоокер мерт болуп, эки жаран жаарат алганын билдирди. Азырынча алардын тек-жайы тактала элек.
Булак-Башы аймагында чек арада соңку ирет 14-июнь күнү таңга жуук ок атылган. Буга байланыштуу тараптар бири-бирин күнөөлөгөн. Тажик тарап бир жараны жараат алганын билдирген.
Булак-Башы айылы Тажикстандын Кыргызстандагы Ворух анклавы менен чектешкен аймакта жайгашкан. Ворухтан сырткары Кыргызстанда бул өлкөнүн Кайрагач деген анклавы да бар.
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар. Анын 664 чакырымы такталганын Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 16-апрелде Фейсбуктагы расмий баракчасына жазган. 17-апрелде Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Исфара районундагы сапарында бул маалыматты ырастаган.
Кыргыз-тажик чек арасын тактоо иштери 2002-жылы башталган.
Чек ара тактала электигине байланыштуу кыргыз-тажик чек арасында тынымсыз жаңжал чыгып турат.
Дагы караңыз
Чек арадагы соңку жаңжал: Баткен жана Согд облус башчылары жолугат Булак-Башыдагы кырдаал: кыргыз-тажик чек ара башчылары жолугууда Баткен: кыргыз-тажик чек арасындагы Булак-Башы аймагында ок атылды Акылбек Жапаров: Бөлтүрүк тууралуу акыркы чечимди сот чыгарат Бекешов парламентте "Кумтөрдөгү" коррупцияны талкуулоону сунуштады Самаркандда ШКУга мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын жыйыны өтөт Азери-армян чек арасындагы кырдаал: ЖККУ кезексиз жыйынга чогулду