Москва Кытайдагы элчисин алмаштырды

Игорь Моргулов.

Орусиянын президенти Владимир Путин тышкы иштер министринин орун басары Игорь Моргуловду Орусиянын Кытайдагы элчиси кылып дайындады. Бул тууралуу РИА Новости мамлекеттик агенттиги билдирди.

Ага чейин бул кызматта 9 жыл Андрей Денисов иштеген. Харьковдо төрөлгөн Андрей Денисов кызматтан кете турганын сентябрдын башында билдирген. Бирок анын себебин түшүндүргөн эмес.

Игорь Моргулов Тышкы иштер министрлигинде 1991-жылдан бери иштейт. Министрликтин борбордук аппаратында жана Кытай, АКШ жана Жапония элчиликтеринде түрдүү дипломатиялык кызматтарды аркалаган. Ал жыйынтыксыз аяктаган орус-жапон тынчтык келишимин түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдө Путиндин атайын өкүлү болгон.

Расмий Бээжин Орусияга каршы эл аралык санкцияларды колдогон жок жана Москванын эң маанилүү соода өнөктөшү бойдон калууда.

Жазында The New York Times гезити Москва Бээжинден аскердик-техникалык жана экономикалык колдоо алууга аракет кылып жатканын жазган. Ушул аптада Өзбекстанда өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) жыйынында Владимир Путин менен Кытайдын төрагасы Си Цзинпин жолугушат.

Дагы караңыз

Башкы прокуратура “Кумтөрдөн” 1 млрд. сомго жакын зыян келтирилгенин билдирдиКытай Кыргызстан-Өзбекстан аркылуу Ооганстанга товар ташууда   Токаев Казакстандын борборун кайра Астана деп өзгөртүүнү колдодуФранциялык атактуу кинорежиссер Жан-Люк Годар көз жумдуОрус абактарында миңдей кыргыз жараны жазасын өтөп жататАрмения Азербайжан менен чек арадагы кагылышууда 49 жараны каза болгонун билдирди