Чек ара кызматынын учкучсуз аппараттар базасы ачылды

“Байрактар” сокку уруучу учкучсуз учак.

Президент Садыр Жапаров 13-сентябрда Улуттук коопсуздук комитетине (УКМК) караштуу Чек ара кызматынын учкучсуз аппараттар базасын ачты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

"Мамлекет башчы өлкөнүн тынчтыгы менен туруктуулугу чек арадан башталарын дагы бир жолу белгиледи. Ал өткөн жылы Чек ара кызматы үчүн республикалык бюджеттин эсебинен биринчи жолу учкучсуз аппараттар сатылып алынганын эске салды. Сатылып алынган техника өлкөнүн эгемендигин коргоо максатындагы машыгууларда гана колдонулат деген ишенимин билдирди. "Байрактар" учкучсуз аппараттарын тийиштүү окуулардан өтүп келген Чек ара кызматынын офицерлери башкарат. Бул мамлекеттик чек араны абадан кайтарууга алган чек арачы офицерлердин алдыңкы тобу", -деп жазылган маалыматта.

Былтыр декабрда Чек ара кызматына Түркияда өндүрүлгөн "Байрактар" учкучсуз аппараттары тапшырылган.

Садыр Жапаров былтыр күзүндө Кыргызстан бир жылда аскердик техникасын жаңыртууга жана оңдоого баш-аягы 100 миллион доллар бөлгөнүн, Орусия менен Түркиядан дрондор алынып жатканын билдирген.

Дагы караңыз

Орус абактарында миңдей кыргыз жараны жазасын өтөп жататМосква: Базарбаев менен Колокольцев мигранттар маселесин талкуулады УКМК: Журат Абдуллаевдин 800 миллион сому мамлекетке чегерилдиМинистр Доскул Бекмурзаевге эки кылмыш иши козголду Ысык-Атада аялын уруп өлтүрүүгө шек саналган жаран кармалды Зордуктоого шек саналган Улуттук Гвардиянын жоокерлери эки айга камалды Азербайжан менен Армениянын чек арасында ок атышуу болду Өспүрүм кыздын өлүмү: ЖКда күч органдары маалымат берет