Чүй облустук ички иштер башкармалыгы окуя Ысык-Ата районуна караштуу Красная Речка айылында болгонун билдирди. Ага ылайык, 11-сентябрда оорукананын жандандыруу бөлүмүнө сабалган 33 жаштагы келин түшкөнү, алган жараатынан улам каза болгону тууралуу милицияга маалымат берилген.
Бул фактыга байланыштуу кылмыш иши козголуп, маркумдун 40 жаштагы күйөсү кармалган.
"Ал жаран үйүндө арак ичип отуруп, уруш-талаш чыгарган, аялы анын ур-токмогунан көз жумган. Кылмышка шектүү милициянын убактылуу тергөө абагына камалды. Тергеп-иликтөө уланууда",-деп айтылат маалыматта.
Кыргызстанда соңку кездери аялдарга жана балдарга карата жасалган зордук-зомбулук, үрөй учурган окуялар орун алып жатат. Ички иштер министрлигинин эсебинде, былтыр үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 10 миңден ашуун факт катталган.
Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индекстин (WPS) 2021-жылкы иликтөөсүндө Кыргызстан аялдар үчүн Борбор Азиядагы эң кооптуу өлкө деп табылган.
Дагы караңыз
Бизнес-акыйкатчы ишкерлер кабылган басым-кысымга тынчсызданды Зордуктоого шек саналган Улуттук Гвардиянын жоокерлери эки айга камалды Азербайжан менен Армениянын чек арасында ок атышуу болду Өспүрүм кыздын өлүмү: ЖКда күч органдары маалымат берет Дүйнө чемпионатында балбан Амантур Исмаилов коло байге алды